Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Кыргызстанга “Спутник лайт” вакцинасынын 200 миң дозасы келди


Орусиядан алынып келинген “Спутник Лайт” вакцинасы “Манас” эл аралык аэропортунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
Орусиядан алынып келинген “Спутник Лайт” вакцинасы “Манас” эл аралык аэропортунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.

Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын “Спутник Лайт” вакцинасынын 200 миң дозасы алынып келди. Саламаттык сактоо министрлиги жүк 12-ноябрда “Манас” эл аралык аэропортунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилгенин кабарлады.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы Орусия COVID-19 менен күрөшүүдө жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанга 1,2 миллион доллардан ашык каражат бөлгөнүн билдирген.

“Спутник Лайт” - коронавируска каршы Орусияда өндүрүлүп жаткан “Sputnik V” вакцинасынын жеңилдетилген түрү.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан каза тапкандар 2704кө жетти. Вирус 182 341 кишиге жугуп, андан 176 824 адам айыкты.

Өлкөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 1 миллион 800 миң кишиден ашты. Алардын миллиондон ашыгы биринчи дозасын, 813 миңден көбү экинчи дозасын сайдырды.

Ушул тапта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги “Sputnik-V” вакцинасы түгөнгөнүн билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG