Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Каддафинин уулу Ливиянын президенттигине талапкерлигин койду


Ливиялык диктатор Муаммар Каддафинин уулу Сайф аль-Ислам Каддафи.
Ливиялык диктатор Муаммар Каддафинин уулу Сайф аль-Ислам Каддафи.

Ливиялык диктатор Муаммар Каддафинин уулу Сайф аль-Ислам Ливиянын президенттигине ат салышарын 14-ноябрда жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү агенттиктер кабарлашты.

Адамзатка каршы кылмыштарга айыпталып Эл аралык кылмыш сотунун издөөсүндө жүргөн Сайф аль-Ислам өз талапкерлигин өлкө түштүгүнөн койгонун Ливиянын Жогорку улуттук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, «тиешелүү юридикалык шарттардын баарын» аткаргандан кийин катоодон өткөрүлүп, ага атайын күбөлүк тапшырылган.

2011-жылы Муаммар Каддафи өлкөнү кырк жылдан ашуун башкаргандан кийин кулатылган маалда уулу да кармалган. Алты жылдан ашуун камакта отургандан кийин ал 2017-жылы эркиндикке чыккан. Быйыл жайда Сайф аль-Ислам Каддафи New York Times басылмасына курган маегинде президенттикке ат салышууну караштырып жатканын айткан.

Ливияда президенттик шайлоо 24-декабрга белгиленген. Укук коргоочулар добуш берүү эркин жана адилеттүү өтөрүнөн күмөн санап турушат. Улуттар уюму шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого аракет кылгандарга санкция салынарын эскертти.

Муаммар Каддафи 2011-жылы өлтүрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG