Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин ден соолугу начарлаганын "Немис толкуну" жазып чыкты.
Жеке дарыгери Николоз Кипшидзе Саакашвили алдан тайып, төшөктөн тура албай калганын 13-ноябрда журналисттерге маалымдады. Дарыгер түрмөгө кирип, саясатчынын жанында беш саат отуруп чыккан. Ал Михаил Саакашвили дагы деле ачкачылыгын токтото электигин, бирок дарыларды колдонуп жатканын айткан.
Кийинчерээк Украинанын Жогорку радасынын депутаты, Михаил Саакашвили менен жакшы мамиледе болгон Елизавета Ясько "Фейсбуктагы" баракчасына Саакашвили кармалып турган Глдан түрмөсүнө реанимобиль барганын жазды.
Грузиянын Юстиция министрлиги камактагы Саакашвилиге реанимобиль чакыртылганы тууралуу маалыматты тастыктаган жок. Министрлик саясатчынын абалы туруктуу экенин, түрмө ооруканасында муктаждык жаралса зарыл чаралар көрүлөрүн маалымдаган.
Саакашвили 29-сентябрда Украинадан Грузияга жергиликтүү шайлоонун алдында учуп келген. Ал элди шайлоого барууга үндөп, анын эртеси Тбилисинин аянтына чогулууга чакырган. 1-октябрда мурда козголгон кылмыш иштеринин негизинде кармалган. Камакка алынары менен саясатчы ачкачылык жарыялаган.