Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Глазгодо COP-26 саммити аяктады


Климаттык активисттер саммит өтүп жаткан имараттын сыртында жана ичинде акцияга чыгышты.
Климаттык активисттер саммит өтүп жаткан имараттын сыртында жана ичинде акцияга чыгышты.

13-ноябрда Глазгодо Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө багытталган тараптардын 26-саммити (COP-26) өз ишин аяктады. Анда глобалдык климаттын өзгөрүүсүн токтотуу үчүн 100 миллиард доллардык фондду түзүү келишими макулдашылган жок.

Айрым өлкөлөр бул багытта жакыр мамлекеттерге бере турган каражаттын суммасын жарыялады. Ага ылайык АКШ 2024-жылга чейин 11,4 млрд. доллар берет, анын 3 млрд. доллары климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашууга багытталат.

Британия 11,6 млрд. долларды 2020-2025-жылдар аралыгында берет, Канада да ушул мезгил ичинде 5,2 млрд., Жапония 10 млрд., Испания 2025-жылга чейин 1,55 млрд. доллар каражат бөлөт.

Климаттык активисттер жыйындын мындай натыйжасына нааразы болушуп, саммит өтүп жаткан имараттын сыртында жана ичинде акцияга чыгышты.

Глазгодогу жыйынга 1-2-ноябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышып, өз сөзүндө Кыргызстандын климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашып, 2050-жылга чейин жашыл экономикага толук өтүшү үчүн 3-7 млрд. доллар керектелерин билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG