Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Зеленский: Украина менен чек арада 100 миңдей орус аскери турат


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен чек арада 100 миңдей орус аскерлери турганын айтып чыкты.

Ал батыш мамлекеттери орус-украин чек арасында Орусиянын армиясынын активдүү кыймылы тууралуу маалымат беришкенин кабарлады.

«Дүйнө эми ким чынында тынчтыкты каалай турганын, ким 100 миңдей аскерин биздин чек арага топтоп жатканын ачык көрүп, түшүнөт деп үмүттөнөм», - деди Зеленский украин президентинин расмий сайтында жарыяланган видеокайрылууда.

Украина менен чек арага жакын жерде орус армиясынын топтолушу Киев жана Батышта кооптонуу жаратып келет. Алар орусиялык аскерлер Украинага басып кириши мүмкүн деп тынчсызданууда. Москва муну "чагым" деп атап, НАТОнун аймактагы аскердик аракеттеринин күчөшүнө бушайман экенин билдирген.

3-ноябрда Украинанын Коргоо министрлиги чек ара тарапта топтолгон орусиялык аскерлердин саны 90 миңди түзөрүн маалымдаган.

Өлкөнүн чыгышында куралдуу конфликт жети жылдан бери токтой элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG