Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

"Борбор Азияда АКШнын ордун Орусия ээледи"


Кремль, Москва

Эл аралык басма сөзгө апта ичинде чыккан макалалар менен тааныштырабыз.

The Foreign Policy басылмасы 7-ноябрда жарыялаган көлөмдүү макалада Линдси Кеннеди жана Натан Поль Саутерн Кошмо Штаттар чыгып кеткенден кийин аймактын өлкөлөрү Кытайга караганда Орусияга ыкташы ыктымал деген көз карашы менен бөлүшүп, бул ойду ар тараптан талдап чыгышкан.

Авторлор чөлкөмдү кыдырып, катардагы элдин пикирлерин сураган, андан тышкары эл аралык эксперттерди сөзгө тарткан.

"Советтик башкаруу оор мурас калтырганына карабай, борбор азиялыктар арасында бир кездердеги оторчу өлкөгө, Путинге жан тарткандар четинен жолугат", - деген журналисттер "бирок алар досторду дагы кайдан издемек эле?",- деген собол салышат.

Андан ары макалада АКШ жыйырма жылдан кийин Ооганстандан кеткени, коңшулаш өлкөлөр бул жараянга жакындан байкоо салганы, америкалыктар чөлкөмгө келгенде ага көп үмүт артылганы, бирок ал акталбай калганы айтылат.

"Аймак тургундары Американы жек көрбөсө да, ирээнжип калышы мүмкүн", - деп санашат авторлор.

Материалда ооган жергесиндеги согуштун арты менен Вашингтон жардамын жана инвестицияларды көбөйткөнү, ал негизинен аскерлерди машыктыруу, базаларын жайгаштыруу формасында болуп келгени тууралуу баяндалат.

"Чөлкөмдүн беш өлкөcүндөгү элита үчүн Москва менен Бээжин Вашингтонго караганда алда канча ылайыктуу. Эмне дегенде Батыштын либералдуу демократиясынан айырмаланып, Кытай адам укуктарына жана адилет башкарууга көңүл бурбайт. Инвестиция салардын алдында ошол маселелерди чечүүнү талап кылбайт. Бээжинди башкаруу ыкмасы эмес, саясий туруктуулук кызыктырат. Ошондо гана Кытай кен казып же курулуштарды ишке ашыра алат", - деген жыйынтыкка келген журналисттер.

Материалда андан ары аймактагы өлкөлөрдүн экономикалык, социалдык абалы талданат.

Журналисттер борбор азиялыктарга Кытайга караганда Орусия менен иштешүү оңой дешет. Себеби, алар орус тилинде сүйлөшөт, орток саясий тарыхы бар, өлкөнүн институттарын, бизнес жүргүзүү маданиятын жакшы түшүнүшөт. Орусиянын, дегеле орус тилдүү маалымат каражаттары региондо үстөмдүк кылат.

Линдси Кеннеди жана Натан Поль Саутерн дин маселесине да кайрылып, Бээжиндин исламофобиясы, Шинжаңдагы уйгурларды куугунтукташы мусулмандардын диний укуктарына мамилесин көрсөтөрүн белгилешет.

Авторлор АКШ региондо таасирин калыбына келтиргиси келсе, өзүн инвестор, жумуш орундарын түзгөн, жергиликтүү маданиятты урматтаган, диний эркиндиктерди колдогон өлкө катары көргөзүүгө тийиш деген оюн ортого салат.

"ДССУ менен Түркмөнстандын сылык-сыпаа бийи"

The Diplomat басылмасы бул ирет Түркмөнстандын коронавирусту жаап-жашырганын, мындай абалда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) акыр-аягында бул маселени чечүүгө туура келерин жазды.

Кэтрин Пуц дүйнөдөгү бир ууч өлкөлөрдүн катарында Түркмөнстан башынан эле COVID-19 катталбаганын айтып келерин эске салат. Тынч океандагы майда аралдар жана Түндүк Корея дагы ушундай позициядан кайтыша элек.

Журналист Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркмөнстанга байланыштуу катуу сынга кабылып келгенин белгилейт. Былтыр июлда гана уюмдун Ашхабадга миссиясын жетектеп барган Кэтрин Смолвуд Би-Би-Си менен маегинде “Илимий көз караштан алганда вирустун Түркмөнстанда тарабай, кыйгап өтүшү мүмкүн эмес”, - деп айтты.

Адис диалог куруу зарылдыгын белгилеп, беткап тагынып жүрүү эрежеси өнүгүү катары бааланарын кошумчалады. Макалада пандемиянын башында бийлик паника жаратпоо үчүн беткап кийип жүргөндөргө айып салуу эрежесин киргизгени айтылат. Кийин ДССУнун делегациясы барып кеткенден кийин андай жобо жокко чыгарылган. Ошол эле маалда маска тагынуу зарылдыгын бийлик абадагы чаң менен түшүндүргөн.

Журналист андан ары коронавирустун катталбаганын кайталап келаткан өлкө пандемиянын медициналык жана социалдык кесепеттерин жоюуга Дүйнөлүк банктан 20 миллион доллар алып, вакцина бөлүштүрүү долбоорлоруна катышып жатканын белгилеген. Түркмөнстан дүйнөдө биринчи болуп бардык чоң кишилерди эмдөөнү милдеттендирген.

Макалада ДССУнун Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Ханс Клюге Түркмөнстанда жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө форумуна катышканы айтылат.

Журналист уюмдун ушундай авторитардык, жабык жана апенди чалыш бийлик менен кызматташуусун абдан татаал, ошол эле маалда сылык-сыпаа бий менен салыштырат. "Бирок сын сөздөрдү башкаларга калтырып, ДССУ Түркмөнстан менен баары бир иштешүүгө тийиш", - деп жыйынтыкталат макала.

Футболчунун өлүмүнө айыптуу адам соттолду

Франциялык Paris Match гезити аргентиналык футболист Эмилиано Сала каза тапкан авиакырсык үчүн күнөөлүү адамдын соттолгонун 12-ноябрда жазды.

Кардифф шаарынын соту Дэвид Хендерсонду лицензиясы жок учкучту жалдаганы үчүн бир жарым жылга абакка кести.

Франциянын “Нант” клубунун чабуулчусу Сала отурган чакан учак 2019-жылдын 21-январында Уэлстин Кардифф шаарына бет алган. Футболчу ошондо жаңы эле жергиликтүү клубга 17 миллион еврого өткөн. Учак Ла-Манш кысыгынын үстүнөн учуп баратканда кулаган. Саланын сөөгү эки жумадан кийин гана табылган. Ал эми 59 жаштагы учкучтун сөөгү табылбай калган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Хендерсон футболчуну өзү жеткирип бармак, бирок эс алууга Парижге жөнөп кетип, аны Дэвид Ибботсонго тапшырган. Анын учактын ошондой түрүн башкаруу лицензиясы жаңыртылган эмес жана түнкүсүн учууга уруксаты жок болчу. Хендерсондун адвокаты апелляциялык арыз бере турганын билдирди.

Былтыр март айында Британиянын авиакырсыктар боюнча тергөө бюросу учкуч мотордон чыккан иске ууланган болушу мүмкүн деген версиясын жарыялаган.

Кырсык футбол дүйнөсүн кайгыга батырган. Саланын сөөгү Аргентинага жеткирилип, аны менен коштошууга маркум туулуп-өскөн айылдын тургундарынан тышкары Франция, Уэлстен өкүлдөр да катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG