Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Коронавирусту жазган түркмөн акыны беш жылга кесилди


Мурат Овезов (солдо) жана Азат Исаков.
Мурат Овезов (солдо) жана Азат Исаков.

Акыркы жылдары Орусиянын Москва облусунда туруктуу жашаган оппозициячыл түркмөн активисти Азат Исаков дайынсыз жоголду. Бул тууралуу "Хроника Туркменистана" сайты жазып чыкты. Ал эми Түркмөнстандагы пандемия абалын ыр менен түшүндүргөн акын Мурат Авезов беш жылга эркинен ажыратылганы кабарланды.

2-ноябрда "Хроника Туркменистана" вебсайты түркмөнстандык оппозициячыл уюмдун лидери Чемен Ореге шилтеме жасап, 37 жаштагы Азат Исаков 20-октябрдан бери Москва шаарында дайынсыз экенин билдирген.

Оренин айтымында, Исаков ага телефондон: "Милиция келди, мени табышса, алып кетишет. Жашынып жатам", - деп айткан.

Оре ошондой эле, Түркмөнстандын күч органдары буга чейин Исаковго жана анын жакындарына кылмыш ишин козгойбуз деп коркутушканын кошумчалайт. "Хроника Туркменистана" сайтынын маалыматы боюнча, эгер ал Ашхабадга депортацияланса, кармалып, кыйноого алынышы мүмкүн.

Ал эми орус полициясы активисттин дайынсыз кеткени тууралуу комментарий бере элек.

Ал арада "Телеграмдагы" Turkmen.news каналы шейшембиде Түркмөнстандагы пандемия жана коронавирус тууралуу ырларын окуп, интернетке видеосун чыгарган блогер Мурат Овезов былтыр жайында камакка алынганын эскерткен макала чыгарды.

Маалыматка караганда, 48 жаштагы Овезов "Алдамчылык" беренеси менен беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок басылманын булактары бийлик чынында мындай жол менен андан соцтармактардагы видеолору үчүн өч алганын билдирүүдө.

Түркмөнстандын Дашогуз облусунда жашаган Мурат Овезов видеолорун Ютубга 2020-жылы жүктөй баштаган. Ал видеолорунда башка өлкөлөрдө карантиндик чаралар сакталган күндө да миңдеген адам коронавирус жуктуруп алып жатканын, Түркмөнстанда эч кандай коопсуздук чаралары сакталбай жатканын айткан.

Муну менен катар шаршембиде 33 эл аралык уюмдун өкүлдөрү Түркиядагы түркмөн мигранттарынын, биринчи кезекте түркмөн бийлигинин аракеттерин сындагандардын абалынын начарлашына олуттуу тынчсыздануусун билдирген билдирүү таратышты.

Түркмөн өкмөтүнө каршы акция. АКШ, 2020-жыл.
Түркмөн өкмөтүнө каршы акция. АКШ, 2020-жыл.

Анда Түркиядагы түркмөн активисттери акыркы айларда болуп көрбөгөндөй куугунтукка, түрк полициясы тарабынан негизсиз камоого, уруп-сабоолорго жана коркутууларга дуушар болушканы жазылат. Ошол эле учурда Түркмөнстандагы алардын жакындарына кысым көрсөтүлүп жатканы айтылып келет.

"Биз Түркмөнстандын өкмөтүнөн мындай кысымды токтотууну жана түрк бийлигин эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жана анын аймагында жашаган түркмөн жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыздоого чакырабыз. Бул кооптуу жагдайды түзүүгө жана аны жөнгө салууга көмөктөшүүгө жардам бериңиздер", - деп айтылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Былтыр июлда түркмөнстандык активист Дурсолтан Таганова баштаган ондогон адам Стамбулдагы түркмөн консулдугунун алдында президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин сындаган акция өткөрүшкөн.

Түрк полициясы бул акцияда Таганова менен кошо дагы бир нече адамды кармаган. Кармалгандардын көбү бир нече сааттан кийин эле бошотулган. Бирок Таганова үч ай камакта отуруп, октябрь айында гана бир нече укук коргоо уюмдарынын түрк бийлигине кайрылуусунан кийин эркиндикке чыккан.

Ошондой эле, 3-сентябрда Түркияда кармалып, өлкөгө кирүүгө тыюу салынган, Францияда жашаган дагы бир активист Мурад Курбанов Ютуб каналында жарыялаган видеосунда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга кайрылып, өлкөдөгү түркмөн активисттерин тез арада бошотууну суранган эле.

Батышта жана Түркияда байырлаган түркмөн оппозициясынын өкүлдөрү демонстрация жана митинг сыяктуу ар кыл нааразылык акцияларын мезгил-мезгили менен уюштуруп турат. Алар президент Бердымухамедовдун отставкасын жана өлкөдөгү коррупциянын жоюлушун талап кылышат.

Түркияда 133 миңден ашык түркмөнстандык расмий катталган. Болжол менен 2 миллионго жакын түркмөн мыйзамсыз жашаганы айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG