Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинде Шинжаң көйгөйү көтөрүлөт  


Шинжаңдын лагериндеги окуу
Шинжаңдын лагериндеги окуу

12-14-ноябрда Прагада өтчү Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинде Чыгыш Түркстанда жашаган уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман элдерине Кытайдын катаал саясатын токтотуу үчүн Бээжинге эл аралык басымды күчөтүү чаралары талкууланат. Бул тууралуу Конгресстин катчылыгы 12-ноябрда тараткан маалыматта айтылат.

25 өлкөдөн келген 200 делегат Дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин жаңы жетекчилигин үч жылга шайлайт. Бул жолу уюмдун башкы ассамблеясына башка этностук топтордун, жарандык коомдун, улуттук өкмөттөр менен парламенттердин мүчөлөрү кошулат.

Бээжиндин репрессиялык саясатын ашкерелөө үчүн тирүү калган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, Кытайдын түрмөлөрүнөн жана кайра тарбиялоо лагерлеринен чогултулган далилдер талданып, аларга укуктук жана саясий баа берилет.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары сыпаттайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG