Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Минск мигранттарга толду


Беларусия менен Польшанын чек арасындагы мигранттар.
Беларусия менен Польшанын чек арасындагы мигранттар.

Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан келген жүздөгөн мигранттар суукта, тамак-ашы жок поляк-беларус чек арасында камоодо калганы кабарланды.

Алар аргасыз абалда Польшага кайра чек араны бузуп, күч менен кирүүгө аракет жасашты. Бул жасалма миграциялык кризис аскердик тирешке айланышы мүмкүн деген кооптонууну жаратты. Евробиримдик Беларуска каршы жаңы санкцияларды саларын эскертүүдө.

Чек араны экинчи ирет бузуу аракети

Польшанын Коргоо министрлиги "11-ноябрь күнү дагы Беловежа тараптан жүздөгөн мигранттан турган топ анын чек арасын күч менен кесип өтүүгө аракет кылганын" билдирди.

"Чабуул аскерлерге буюмдарды ыргытып, анан тосмолорду бузууга аракет кылуу менен башталды. Анан эскертүү иретинде асманга ок чыгарылды”,-деп жазды министрликтин маалымат кызматы "Твиттердеги" баракчасына.

Варшава Беларустун аймагында миңдеген мигрант Польшага киргизүү үчүн даярдалганын билдирди. Анын 300гө чамалуу эки тобу 10-ноябрда Польшанын Беларус менен чектеш Крынки менен Беловежа тарабындагы чек араны бузуп өткөн.

Польшанын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, мигранттар чек ара тосмолорун сындырып, ичкери кирип келген жана алардын айрымдары кармалып, кайра артка кайтарылган.

"Жаңы санкциялар топтому даярдалууда"

Варшава беларус-поляк чек арасында миграциялык чыңалууну күчөтүүгө Беларусту айыптады. Евробиримдик кризисти тутантканы үчүн Минскини жазалап, жаңы санкцияларды киргизе турган болду. Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас кесепеттери оор санкциялардын топтому даярдалып жатканын айтты:

Берлин. Хейко Маас, Германиянын тышкы иштер министри
Берлин. Хейко Маас, Германиянын тышкы иштер министри

"Евробиримдик Лукашенконун режимине каршы санкцияларын кеңейтип, күчөтөт. Кандай чаралар болорун келе жаткан дүйшөмбүдө Брюсселде чечебиз. Адамдардын аткезчилиги менен алектенгендердин бардыгы, анын ичинде компаниялар дүйнө жүзү боюнча санкцияга алынат. Анан буга чейин деле колдонулуп жаткан санкцияларды кеңейтүү, өзгөчө экономиканын түрлөрүнө карата санкцияларды күчөтүү сыяктуу варианттар бар. Анын кесепеттери оор болот. Беларустун калий өнөр жайы сыяктуу маанилүү экономикалык тармактарына санкция салууну Евробиримдик толук колдойт", - Хейко Маас.

Лукашенконун жообу

Ошол эле кезде Беларустун лидери Александр Лукашенко Минск жаңы санкция салынса, токтоосуз жооп болорун билдирди.

Буга чейин Польша Беларус менен чек ара толук жабыла турганын жарыялаган. Лукашенко ага жооп катары автожолду жаап, Европага кете турган газ өчүрүлөрүн эскертти.

Владимир Путин менен Александр Лукашенко, коллаж.
Владимир Путин менен Александр Лукашенко, коллаж.

"Польша чек арасын жаап, коркутуп жатат. Мейли, жапкыла. Ал жакка качып өткөндөр азаят. Маселе анда эмес. Мен ал митайым акылсыздарга моюн сунбайм. Аларга айтайын дедим эле. Эгерде биз Беларус аркылуу өткөн транзиттик жолду жаап салсакчы? Анда эмне болот? Биз Европаны жылытып берип жатсак, алар дагы деле бизди чек араны жабам деп коркутушат. Эгерде биз жаратылыш газын берүүнү өчүрүп салсак эмне болот?", - деди Александр Лукашенко.

Орусиянын Ямал-Европа куурунун Германияга карай газ транзити Белорус аркылуу Польшага өтөт. Кризис Батыш менен Орусиянын ортосунда жаңы тирешүүнү жаратты. Москва союздашына колдоо көрсөтүү үчүн Беларустун аба мейкиндигине өзөктүк куралды алып учууга жөндөмдүү бомбалоочу учактарды жиберди. Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков чек арадагы чыңалууга Москва тынчсызданарын айтты:

"Эки тараптан тең кубаттуу куралдуу күчтөрү турган чек ара тилкесинде чыңалуу кооптуу. Аскерлер турган жердеги мындай абал албетте, Европадагы оор басырыктуу ойлонгон ар бир адамды тынчсыздандырбай койбойт", - деди Дмитрий Песков.

Евробиримдик Лукашенкону өткөн жылдагы талаштуу президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн Брюсселден өч алуу максатында мигранттарды Евробиримдиктин чек арасына алып барды деп айыптады. Лукашенконун режими анын айыптоосун четке кагып, Евробиримдикти мигранттарга башпаанек бербей, адам укугун бузуп жатат деп сындаган.

Буга чейинки салынган санкциялар Беларустун Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына жана улуттук авиакомпаниясы менен бирге 30дай жеке жана юридикалык жактарга салынганы айтылган.

Минскидеги мигранттар

Интернеттеги социалдык тармактарда Беларустун борбору Минскиде Жакынкы Чыгыштан келген адамдардын топтошкон видео тасмалары тарады.

Ал эми сырттан Минскиге мигрантттар улам ташылып жатканы кабарланууда. Поляк атайын кызматтары беларустун ичинде Евробиримдикке өткөрүү үчүн алынып келинген мигранттардын саны 15 миңден ашуун деп билдирди.

Интернеттеги социалдык тармактарда Минскинин борбордук көчөлөрүндө гүлбактардын арасында шаардык спорт сарайдын алдында жана соода борборлордун ичинде Жакынкы Чыгыштан келген мигранттардын жайнап кеткенин ырастаган видео тасмалар тарады.


NEXTA телеграмм-каналында “Галерея” соода борборунда, шаардын борбордук спорт майданында жана көчөлөрдө топтошуп турган мигранттар тартылган видео тасмалар чыкты. Алар эмнегедир кайдадыр баруу үчүн кимдир бирөөлөрдү күтүп жатышкан сыяктуу. Ошол эле кезде айрым топтошкондордун арасынан кээ бир топтор автоунаалар менен кайсы бир жакка кетип жатканы дагы байкалат.

Кыйналса дагы артка кайтпаган мигранттар

Ал видеолордун биринде өзүн Ребаз Нажм Хама Саид деп тааныштырган ирактык күрд жигит бир айдан бери Минскиде экенин айтып, канчалык кыйналса дагы Беларус аркылуу Евробиримдиктин аймагына өтүүнү көздөй турганын айтты:

"Мындагы качкындардын көпчүлүгү Беларус бизди Евробиримдикке каршы курал катары колдонуп жатканын түшүнөбүз. Мен чатакташкан тараптын бир жагы баары бир утулат деген ойдомун. Бизди артка кайтарышат же Европага өтүп кетебиз. Евробиримдик акыры адам укугун сыйлап, бизге жол ачышы керек. Мындагылардан башка дагы 500-600 качкын азыр бул жакка келе жатат деген маалымат алдык. Адамдар канчалык кыйналса дагы баары бир бул жакка келүүнү каалагандардын агымы токтой элек. Аларды улам акчага алып өтүшүүдө. Биз азыр бул жерде эле эки миңден ашуун адам турабыз. Брест менен Гродно жактан дагы биякка улам келип, катарыбыз калыңдап жатат", - деди ирактык мигрант Ребаз Нажм Хама Саид.

Беларуска келген мигранттар Польша менен чектешкен аймактарга ташылып, алар чек ара тилкесиндеги токойлорго жайгашканы видеодон көрүнүп турат. Польшанын атайын кызматтарынын маалыматына караганда чек арада 4 миңдей, ал эми Беларустун өзүндө 15 миңден ашуун мигрант бар. Буга кошумча алар сырттан дагы улам учуп келип жатканы кабарланды.

Атайын кызматтын божомолу

Польшанын атайын кызматынын расмий өкүлү Станислав Жарин абал дагы курчушу мүмкүн экенин айтты:

"Кечээ биз Польша менен чектешкен аймактарга 4 миңге чукул мигрант алынып келгени тууралуу маалымат алдык. Бул мигранттар беларустардын түздөн-түз көзөмөлүндө турушат. Алар үчүн лагерлер уюштурулуп, топ-топторго бөлүнүп, атайын көрсөтмө менен иш алып барып жатышканы бизге белгилүү. Сырттан улам Минскиге учуп келип, ал жактан улам чек араларга ташып жатышат. Бул эми узакка созула турган курч кырдаал болчудай", – деди Польшанын атайын кызматынын басма сөз катчысы.

Евробиримдикке өтүүнү көздөгөн жүздөгөн адам Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африкадан жана Түштүк Азия өлкөлөрүнөн Беларуска ташылып, Минск мигранттарды Евробиримдикке өткөрүүчү базага айланып калган.

Аба каттамдары, жаңы түйүндөр

Буга чейин Брюссел абалды жеңилдетүү үчүн Минскиге аба каттамдарын токтотууну Ирактан суранган. Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррел мигранттарды ташуунун жаңы түйүндөрү пайда болгонун айтты:

Брюссел - Жозеп Борелл, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары
Брюссел - Жозеп Борелл, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары

"Жайдын этегинде кырдаал көзөмөлгө алынып калган болчу. Анткени, Ирактан түз Беларуска аба каттамдары токтотулган. Бирок абал октябрь айында кайра курчуду. Себеби, алар жеке менчик авиакомпаниялар аркылуу Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөрдүн майдандарынан адамдарды ала башташты. Сириядан, Ирактан жана Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүнүн жарандарын Беларуска ташуу үчүн жаңы транспорт түйүндөрүн табышты. Адамдарды ошол жактар аркылуу уюшкандык менен алып келип, Евробиримдиктин аймагына киргизүүнү көздөп турушат", - деди Жозеп Боррел.

8-ноябрда жүздөгөн адам буюм-тайымдары менен беларус-поляк чек арасындагы тосмолорду жарып өтүүгө аракет кылып жаткан видео тасмалар жарыяланган. Анда болжолдуу түрдө Жакынкы Чыгыштан келген мигранттарды беларус тараптан куралчан, аскер кийимчен адамдар уюшкандык менен чек ара тилкесине коштоп алып келип, башкарып жүргөнү көрсөтүлгөн.

Ал арада түркиялык Turkish Airlines аба компаниясы Беларуска каттаган учактарына Ирак, Сирия жана Йемендин жарандарын салбай турганы маалым болду.

Польша президентинин канцелярия өкүлү Якуб Кумох Твиттерге авиакомпания бул өлкөлөрдүн дипломаттык паспорту бар жарандарынан башка адамдарды Беларуска ташыбоого макул болгонун жазды.

Учурда беларус-поляк чек арасындагы мигранттардын басымдуу бөлүгүн Ирак, Сирия жана Йемендин жарандары түзөт.

Польшанын маалымат каражаттары Евробиримдик өзүнө мүчө болбогон өлкөлөр менен мигранттардын Минскиге келишин токтотууну сүйлөшүп жатканын кабарлашкан.

Буга чейин Turkish Airways Орусиянын "Аэрофлот" аба компаниясы менен катар эле мигранттарды Беларуска ташууга тиешеси бар деп саналып, санкцияга кабылышы ыктымалдыгы айтылган. "Аэрофлот" мигранттарды ташууга тиешеси жоктугун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG