Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Киев чек арада орус армиясы жайгашканына кооптонууда


 2021-жылдын 1-ноябрында Орусиянын Ельня шаары тарапта кургактагы аскерлердин жайгашуусу. Спутниктен тартылган сүрөт
2021-жылдын 1-ноябрында Орусиянын Ельня шаары тарапта кургактагы аскерлердин жайгашуусу. Спутниктен тартылган сүрөт

Украина Орусия кайрадан аны менен чектеш аймактарга он миңдеген аскер күчтөрүн жайгаштырып жатканын билдирди.

Муну ал Москванын жакын кошунасына жасаган басымы катары кабыл алды. Москва болсо аны атайы таратылып жаткан жалган маалымат деген негизде четке какты. Ал эми CIT аскердик иликтөө борбору соцтармактарга чыккан видеолорго таянып, Орусиянын аскер күчтөрү чек араны бойлоп, топтошо баштаганы анык экенин жарыялады.

Украинанын коргоо министрлиги Орусия учурда жикчилдер көзөмөлдөп турган өлкөнүн чыгыш чек арасына жакын аймактарга 90 миңге чукул аскерин жайгаштырганын билдирди.

Бул көрүнүш Орусиянын Беларус менен бирге “Батыш-2021” деген аскердик машыгуусунан кийин байкалганы белгиленди.

“Орусия улам чыңалууну кармап, саясий басымды күчөтүү үчүн аскер бөлүктөрүн топтоштуруу жана которуу менен алек”, – деп жазылды министрликтин маалыматында.

Леонид Матюхин
Леонид Матюхин

«Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын маалыматы боюнча 2021-жылдын ноябрь айына карата биздин чек арага жакын, бирок убактылуу басылып турган тилкелерде Орусия өзүнүн 90 миңден ашуун аскер күчтөрүн топтоду»,- дейт Украинанын коргоо министрлигинин расмий өкүлү Леонид Матюхин.

Ошондой эле Киев быйыл жазында украин чек арасына жакын жерге алынып келинген орусиялык 41-армиянын бөлүктөрү туруктуу ордуна кайтарылбай калганы аныкталганын билдирди.

Москва дооматты четке какты

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге “Орусия аскерлерин өзүнүн кайсы аймагына зарыл деп эсептесе, ошол жакка жайгаштыра алат” деп билдирди.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова украин чек арасына жакын аймактарга аскерлер топтошуп жатканы тууралуу маалыматты четке какты:

Мария Захарова
Мария Захарова

«Биздин аскерлер тууралуу маалымат соккусуна көңүл бурдук. Анткени бир катар америкалык маалымат каражаттарында Орусия Украина менен чектешкен жерлерге аскерлерди жайгаштырып жатканы тууралуу "фейк" маалыматтар таратылууда. Бул жалган. Мындай болгон эмес. Бул америкалык медианын жаңы жасалма маалымат өнөктүгү», - деди Захарова.

CIT: тынчсызданта турган жагдайлар бар

Анткен менен CIT аскерий анализ жана иликтөө борбору орусиялык аскер күчтөрүнүн украин чек арасына жакын аймактарды көздөй кыймылы байкалганын жарыялады. Бул уюмдун аскерий эксперти Кирилл Михайлов аскерлерде быйыл жазындагыдай ири масштабдагы орун которуулар жок экенин, бирок армия бөлүктөрүн украин чек арасына жакын аймактарга чогултуп, топтоштуруу аракеттери катталганын айтты:

«Ооба, биз бул багытта белгилүү бир кыймыл жүрүп жатканын байкадык. Бирок ал быйыл жазында болгондой, максаттуу жана ири масштаб менен жүрүп жатат деп айтууга болбойт. Ростов, Воронеж облустарында жагымсыз көрүнүштөр байкалууда. Курск багытын көздөй дагы аскердик техникалар жылып баратканы боюнча маалыматтар бар. Ошол эле кезде Ростов облусундагы Украина менен чектеш жерден тартылган видеолор өзгөчө тынчсыздандырат», - деди Михайлов.

Жаздагы окуялар

Киев быйыл жазында чек арасына жакын жерге Орусия аскер күчтөрүн алып барып, топтоштуруп жаткандыктан, анын басып кирүү коркунучунан кооптонуп, Батыштагы өнөктөштөрүнө жардам сурап кайрылган.

Буга байланыштуу АКШ менен Евробиримдик да кабатырлык билдирип, Москваны акылга келип, чыңалууну жөнгө салууга чакырган.

Москва 1-майдан тарта өзүнүн аскер күчтөрүн Украинанын чек арасынан ары карай чыгарып алып кеткени белгилүү.

Тараптардын мамилеси Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алганда кескин бузулган. Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен Киевдин өкмөттүк армиясы салгылашып, согуш 13 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG