Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:59

Польшанын чек арасын каптаган мигранттар


Беларус-Польша чек арасында турган мигранттар. 8-ноябрь, 2021-жыл
Беларус-Польша чек арасында турган мигранттар. 8-ноябрь, 2021-жыл

Беларус-поляк чек арасында жүздөгөн мигрант топтолуп, тикенек зымдан өтүүгө аракет кылган. Польша муну "аймагына күч менен басып кирүү аракети" катары баалады.

Польша чек арасындагы чыңалган кырдаал

Чек араны жапырт бузуп өтүүнүн алдын алуу үчүн Польша менен Литва аскер санын көбөйттү. Польшанын Коргоо министрлиги чек арага жөө жалаңдап келген мигранттар колоннасын беларус аскерлери коштоп келгенин айтууда.

Токойлор аркылуу өтүп келип, поляк-беларус чек арасынын нейтралдуу тилкелерине чыккан мигранттарды колунда куралы бар, аскер кийимчен адамдар уюшкандык менен башкарып жүргөнү тууралуу видео тасмалар социалдык тармактарга тарады. Мындай маалыматты Польшанын күч түзүмдөрү дагы ырастады.

Болжол менен Жакынкы Чыгыштан келип, Беларустун аймагында топтолгон жүздөгөн мигранттардын колоннасы 8-ноябрь күнү эрте менен Польшанын чек арасынан өтүүгө бир нече ирет аракет жасаганы кабарланды.

Польшанын коргоо министрлиги “Брузги-Кузница" чек ара өткөрмөсүнө келген мигранттар тикенек зымдардан өтүүгө бир нече ирет аракет кылып, бирок чек ара сызыгында аларды аскерлер токтотконун билдирди.

Мигранттар чек ара тосмолорун улам таяк менен ургулап, ал эми каршы беттеги аскерлер тикенек тосмолорго жакындагандарга көздөн жаш агызган газ колдонгон. Ал эми бул учурда жалпы кырдаалды байкоого алып, Польшанын Ички иштер жана Коргоо министрликтерине караштуу аскердик тик учактар айланып учуп жүргөнү видео тасмалардан көрүнүп турат.

Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Петр Вавжик беларус бийлигин кырдаалды курчутуп, чагым жасап жатат деп айыптады.

"Беларус бийлиги чет элдик мигранттарды чек ара тилкесине атайын айдактап алып келип, аларды пайдаланып, чек арада өтө олуттуу жана коркунучтуу чагым уюштурууну көздөп жатат. Алар ок атуучу курал колдонулуп, адам курмандыктарын болушун каалап жатышат. Биз ага жол бербейбиз",-деди Петр Вавжик.

Ал эми Беларустун мамлекеттик чек ара комитети "чет элдик мигранттар Польшанын күч түзүмдөрүнүн адамгерчиликсиз мамилесинен улам, ушундай аргасыз кадамга барганы" тууралуу билдирүүсүн жарыялады.

Ошондой эле миңге чукул мигрант поляк чек арасына жетпей, токтотулганы айтылды.

Евробиримдиктин чаралары

Евробиримдик мындай чукул абалга тынчсызданып, туруксуздукка өбөлгө түзгөнү үчүн Лукашенконун режимин айыптады.

Брюссель Минскини чек арага Жакынкы Чыгыштан, Африкадан жана Түштүк Азиядан мигранттарды азгырып ташып келип, "биримдиктин аймагында жасалма миграциялык кризис түзүүнү көздөп жатат" деп белгиледи.

"Биз мурда айтылгандай, поляк-беларус жана литва-беларус чек арасында бир топ чыңалууну байкап жатабыз. Бул Лукашенко режиминин Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн аймагында туруксуздукту жаратуу аракетинин бир бөлүгү. Биз кырдаалга байкоо салуу менен азыркы маалда Евробиримдиктин тиешелүү түзүмдөрүнүн деңгээлинде жолугушууларды өткөрүп, кырдаалды талкуулап жатабыз. Биз ошонун негизинде беларус режимине кандай чара көрүп, анын азыркыдай аракеттерине каршы күрөшүү жолдорун тандайбыз",-дейт Евробиримдиктин чет элдик иштер жана коопсуздук боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү Питер Стано.

Польшаны көздөй агылган жүздөгөн мигранттардын арасында аялдар жана жаш балдар да бар. Алар чек арадан өткөрүүнү талап кылып, улам кыйкырып, бирок тосуп алган аскерлер аларга эскертүү берген соң, көбү токойлорго кирип, баш калкалап турганы айтылды.

Ал эми эл аралык гуманитардык уюмдар Евробиримдиктен мигранттарга гумандуу мамилени талап кылууда. Анткени суук түшкөндөн бери поляк-беларус чек арасында ары кете албай же бери кире албай нейтралдуу чек ара тилкесинде калган мигранттардын, айрыкча алардын арасындагы жаш балдар менен аялдардын абалына көңүл буруу зарылдыгы айтылды.

Гуманизм менен мыйзамдуулуктун чеги

Бул маселени Еврокомиссия кантип чечери азырынча белгисиз. Себеби, буга чейин Польшанын өкмөтү “Чек арасыз дарыгерлер” сыяктуу эл аралык гуманитардык уюмдардын аргасыз абалда калган мигранттарга медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчүн четке каккан.

Ал эми Еврокомиссиянын өкүлдөрү бул маселе мыйзамда каралган тартипте чечилиши керек деген ойдо.

"Ал чек арада турган адамдар тууралуу сөз болгондо, албетте, биринчи кезекте дайыма кырдаалды колдон чыгарбоо зарыл. Ошол эле кезде бул нерсе гумандуу жол менен, европалык баалуулуктар менен жалпы эле укуктардын негизинде татыктуу аткарууну ичине камтыйт. Мында андагы аябай муктаж адамдар тиешелүү жардам алып, аларга кам көрүү маанилүү. Ошондуктан биз буга чейин айтып келгендей, жалпы чек араларды жөнгө салууда жалпы ресурстарды пайдалануу маанилүү", -деди Еврокомиссиянын ички жана миграциялык коопсуздук боюнча өкүлү Адальберт Янц.

Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак чек араны коргоого 12 миң аскер тартылганын "Твиттерге" жазды. Ал аскерлер ички коопсуздук менен чек ара көзөмөлүнө жооп берген полициянын күчтөрү менен биргеликте күжүрмөн даярдыкка келтирилгенин билдирген.

Ички иштер министри Мариуш Камински алар окуянын ар кандай өнүгүүсүнө даяр экенин айтты. Варшава өткөн айда өзгөчө абал жарыялап, чек арасын тикен зымдар менен коргондогон. Беларус менен чектеш аймагын тосууга поляк өкмөтү 407 млн. доллар бөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG