Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 18:24

Өспүрүмдөр менен аялдарды азгырган "хизбутчулар"


Кыргызстандын күч түзүмдөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) соңку эки айда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик тобунун (Кыргызстанда тыюу салынган) бир нече активдүү мүчөсүн кармады. Алардын экөө коңшу өлкөлөрдүн жарандары. Акыркы жолу Чүй облусунда уюмдун мүчөлөрүнүн кезектеги жыйынында анын лидерлери колго түшүрүлдү. Ал жыйынга өспүрүмдөр да катышканы коомчулукта чочулоону күчөттү. Дин иштери боюнча эксперттер экстремисттик уюм кишилерди тузагына илүүнүн жаңы ыкмаларын ойлоп таап, катарына аялдар менен өспүрүмдөрдү тартып жатканын эскертүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик тобунун Чүй облусундагы кезектеги жыйынына ыкчам операция жүргүзүп, уюмдун лидерлери жана мүчөлөрү кармалганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жыйынга өспүрүмдөр катышкан жана уюм аларды өз катарына тартууга аракет кылган.

Кылмыштуу топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны экени, ал кармалгандар менен бирге УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду. Бирок кайсы өлкөнүн жараны кармалганы ачык айтылган жок. Колго түшкөндөрдүн жашаган жерин тинткенде тыюу салынган адабияттар, дисктер табылган. Алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун Чүй облусунда кармалган мүчөлөрү.
“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун Чүй облусунда кармалган мүчөлөрү.

УКМК бул операциянын жыйынтыгында канча киши кармалганын, "Хизб ут-Тахрир" уюмунун жыйынына канча өспүрүм катышканын тактаган жок. Таратылган видеодон бир нече адамды, анын ичинде эркек балдарды көрүүгө болот.

"Диний радикалдашуу мамлекетте чоң маселеге айланды"

Диний маселелер боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик топ соңку жылдары адамдарды азгыруунун ар кандай амалдарын ойлоп таап, түркүн ыкмаларды колдонуп жатканын айтат. Ал кооптондурган дагы башка жагдайларды санап берди.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

"Кыргызстанда тыюу салынган диний радикалдуу топтор 2010-жылга чейин ишмердигин ар кандай баракчаларды таркатуу менен жүргүзчү. Азыр болсо алардын иштөө ыкмасы өзгөрүп, айрыкча социалдык тармактарды активдүү пайдаланып, катарына аялдарды анан балдарды тартууга аракет кылып жатышат. "Хизб ут-Тахрир" тобунун курамында аялдар канаты бар. Анткени булар аялдар менен иштеген майнаптуу болорун түшүндү. Эми балдарды тарта баштаганы башка деңгээлде иштөөгө өткөнүнөн кабар берет. Диний радикалдашуу мамлекетте чоң маселеге айланды. Эми аны күч менен эмес түшүндүрүү жолу менен алдын алыш керек".

УКМК мындан бир күн мурун эле Өзбекстандын жараны (Ш.Ш.), "Хизб ут-Тахрир" тобунун Кыргызстандын түштүк аймактагы лидери 4-ноябрда кармалганын жарыялаган. Ал түштүктө уюмдун түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча санаалаштары менен көмүскө иштерди кылып жүргөнү аныкталган.

Өзбекстанда "Хизб ут-Тахрирдин" ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жооптуу адам Кыргызстанда жасалма документ менен жашырынып жүргөн. Ал да УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушуну менен акыркы эки айдын ичинде Кыргызстанда "Хизб ут-Тахрир" тобуна мүчө болгон коңшу өлкөнүн эки жараны кармалды.

Атайын кызмат 7-октябрда Жазык кодексинин "Экстремисттик уюмду түзүү" беренеси менен Кызыл-Кыя шаарында да диний-экстремисттик уюмдун алты лидерин колго түшүргөн. Кармалгандардын бешөө Кызыл-Кыя шаарынын тургундары. Улуусу 47 жашта күчүүсү 26да. 30 жаштагы дагы бир шектүү Тажикстандын тургуну.

Алар экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн диний сабактарды өткөрүп, Кызыл-Кыянын 50дөн ашуун тургунуна ай сайын жыйындарды уюштуруп турган. Шектүүлөрдүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик маанайдагы адабияттар - 36 китеп, 20 китепче, 25 баракча, 13 дептер, 15 уюк телефон, 15 электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар, бир ноутбук табылган. Кармалгандар Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө убактылуу камалган.

“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун Кызыл-Кыя шаарында кармалган мүчөлөрү.
“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун Кызыл-Кыя шаарында кармалган мүчөлөрү.

"Хизб ут-Тахрир" жөн гана идеологиясын жайылткан уюм эмес. Булар Борбор Азияда "халифат орнотобуз" деген экстремисттик топтордун бири. "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) кыймылы жакында эле Ооганстанда бийликти басып алды. Алар дүйнөнү "бизди тааныбасаңар чатак болот" деп коркутуп жатат. Аларды Кыргызстанда айрым саясатчылар, динчилдер, "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөлөрү колдоп социалдык тармактарда мактап отурушат. "Талибанды" көргөн жаштар "Хизб ут-Тахрирдин" саясатына алданып калышууда”, - деди УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков.

"Күрөшүү жолдорун өзгөртүү зарыл"

“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун мүчөлөрүнөн алынган материалдар.
“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун мүчөлөрүнөн алынган материалдар.

Сот тарабынан 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган. Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген.

Теолог, дин иштери боюнча эксперт Улан Усупов ушуга окшогон экстремисттик, террористтик уюмдарга каршы күрөшүүнүн жолдорун сунуштады.

"Мамлекет бул маселеге олуттуу мамиле кылып акчасын да бөлүп, саясатын да жүргүзбөсө эртең "Хизб ут-Тахрир", "Йакын инкар" жана башка топтор элди бөлүп-жарып бийлей баштайт. Биз ошого баратабыз. Биз ата-бабабыз карманып келген салттуу Исламды бекемдей турган аалымдарды, теологдорду, имамдарды окутуп өстүрсөк, беркилердин "товары" өтпөй калат. Күрөш деген элге альтернатива пикир сунуштоо менен жүрөт. Күч менен күрөш кылуу мүмкүн эмес. Мисалы, "Хизб ут-Тахрир" уюмунун пикири, идеологиясы бар. Аларга каршы сен алардыкынан да күчтүү пикир менен гана күрөшө аласың. "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөлөрүн кармап соттогон менен алар түрмөгө кирип алып да саясатын жүргүзүп атпайбы. Кыргызстанда кандай мамлекеттик идеология бар? Жок болуп атпайбы. 30 жылдан бери эле өнүгөбүз деп турабыз. Ошондуктан мамлекеттик саясат, идеология, аны ишке ашыра турган Дин иштери боюнча комиссия болушу керек. Анан ошого жараша иш кыла турган, Исламдын учурдагы талабына ылайык иштеген менеджер, көрөгөч, акылман муфтий, муфтият, казыят, молдолор болуш керек”.

"Хизб ут-Тахрир ал-Ислами" 1950-жылдары Жакынкы Чыгышта негизделген. Бул уюмдун жана Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик, террористтик топтордун көбү демократиялык, көп партиялуу мамлекеттик түзүлүштү кулатып, ордуна "шариятка негизделген эскичил халифатты" түзүүнү көздөшөт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын талдоо бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Абакиров өлкөдөгү диний радикалдуу топтор тууралуу мындай деди.

"Экстремисттик, террористтик уюмдар элге зыянын тийгизет. Бул уюмдардын саясаты динге эч кандай тиешеси жок. Алардын башкы максаты өлкөдө абалды курчутуу. Муну укук коргоо органдары, диний уюмдар да айтып келишет".

УКМК жарандар тыюу салынган уюмдарга мүчө болсо, ошондой эле балдарды диний-экстремисттик жана башка кылмыштуу аракеттерге тартса кылмыш жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Жаңы концепция диний абалды жакшырта алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:49:15 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG