Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

УКМК: "Хизб ут-Тахрирдин” жыйынына өспүрүмдөр катышканы аныкталды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун Чүй облусундагы кезектеги жыйынына атайын ыкчам операция жүргүзүп, уюмдун лидерлери жана мүчөлөрү кармалганын кабарлады.

Атайын кызмат жыйынга өспүрүмдөр катышканын жана аларды өз катарына тартуу аракети болгону аныкталганын билдирди.

Кармалгандар арасындагы топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда тыюу салынган адабият, дисктер табылган.

Буга чейин УКМК “Хизб ут-Тахрир" кыймылынын түштүктөгү лидери кармалганын билдирген. "Хизб ут-Тахрир" - Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын бири. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG