Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Депутат Нурдинов: Нарында көмүр тартыштыгы курч болуп турат


Кара-Кече.
Кара-Кече.

Жогорку Кеңештин 11-ноябрдагы жыйынында депутат Бейшенаалы Нурдинов Нарын облусунда калк көмүр менен камсыз боло электигин айтып, Министрлер кабинетин чара көрүүгө чакырды. Эл өкүлү Кара-Кече кенинде Нарын аймагына көмүр ташуучуларды кезексиз киргизүүнү сунуштады.

“Нарында эл 10% көмүр менен камсыз болду. Эң биринчи элди камсыз кылышыбыз керек. Өткөндө тоо кулады деп, кийин майрамдарда карьерлер иштеген жок. Элди кантип камсыз кылабыз? Кыш биринчи Нарынга түшөт. Нарындан келгендерди өзгөчө кезекке коюп, элге көмүр жеткиргенге шарт түзүп берсекпи дегем. Бул дагы аткарылган жок”, - деди депутат.

9-ноябрда президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө көмүр маселесине токтолуп, жайы менен “Кыргызкөмүр” ишканасына саботаж кылышып, көмүр кеч казылганын белгилеген. Бул тармактагы коррупцияны жоюуга аракет көрүлүп жатканын айтты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында көмүрдүн орточо баасы бир ай мурдагыга караганда 10,4% кымбаттады. Учурда бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 720 сом турат. 4-октябрга карата бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 181 сом болчу. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу орто эсеп менен 18,8% кымбаттады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG