Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Бишкекте 30 жаштагы адам түтүнгө ууланып каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 30 жаштагы тургун иске ууланды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, үйдүн 90 чарчы метр чатыры, үй тиричилик буюмдары күйгөн. Түнкү саат 3:30да өрт өчүрүүчүлөр тартылып, эки саатта толук өчүрүлгөн. Көмүр кычкыл газына ууланган 30 жаштагы тургун "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилип, ооруканага жетпей каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2021-жылдын тогуз айында 3000ден ашуун өрт кырсыгы катталып, былтыркыдан 30% өстү.

Быйыл он айда 30га жакын адам, 2020-жылы 14 адам өрттөн каза болгон.

XS
SM
MD
LG