Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Түркмөнстанда окутуучулар соцтармактарды колдонбоого милдеттендирилди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Түркмөн мамлекеттик маданият институтунун окутуучулары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө соцтармактарга, анын ичинде Инстаграм менен Фейсбукка кирбей турганы жөнүндө тилкат жазып берип жатышканын билдирди.

Маалыматка караганда, мындай тилкаттар башка жогорку окуу жайларда да чогултулууда.

Анда окутуучулар IMO мессенжерин да колдонбоого милдеттенме алышкан.

“IMO мессенжери аркылуу билдирүү гана жөнөтүүгө болот. Сүрөт жана видео жөнөтүүгө тыюу салынат”, - деди ашхабаддык тургундардын бири.

Окутуучуларга электрондук почталарды гана колдонуу сунушталууда.

Түркмөнстанда акыркы күндөрү соцтармактарга көзөмөл күчөтүлүп, Интернетке катуу чектөө киргизилди. Өлкөдө Facebook, Instagram, Twitter бөгөттөлгөн. Аларга VPN серверлердин жардамы менен гана кирүүгө болот. Бийлик VPN серверлерин колдонгондорду жана аны жарандарга орнотуп бергендерди да куугунтуктап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG