Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Саакашвили абакта ыдык көргөнүн айтты


Грузиянын мурдагы президенти, камактагы Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти, камактагы Михаил Саакашвили.

Бир айдан ашуун ачкачылык кармап жаткан Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили түрмөнүн күзөтчүлөрү аны кемсинтип, ур-токмокко алганын айтууда. Анын жүздөгөн тарапташтары, оппозициячыл партиялар Саакашвилинин саламаттыгынын начарлашына байланыштуу жеке ооруканага которууну талап кылып Тблисинин аянтына чыгышты.

Оппозициячыл партиялардын тарапташтары жана айрым өкүлдөрү 9-ноябрга караган түндү Эркиндик аянтындагы өкмөт үйүнүн алдында өткөрүштү.

Шейшембинин таңында жүздөгөн адам топтолду. 8-ноябрдын кечинде болгон митингде сүйлөгөн Бирдиктүү улуттук кыймылдын лидери Ники Мелия алардын биринчи талабы Михаил Саакашвилини жеке ооруканага которуу, экинчи талабы октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу экенин айтты.

Митингди утурлай Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Рустави шаарындагы түрмөдөн Глданидеги түрмөнүн ооруканасына которулганы маалым болгон.

8-ноябрда Саакашвили билдиргендей, клиниканын күзөтчүлөрү аны кемсинтип, кол көтөрүшкөн. Адвокатка жолдогон катында Саакашвили аны күзөтчүлөр моюнга уруп, чачынан сүйрөшкөнүн жазган.

Фейсбукка жарыяланган катта Саакашвили өзүнүн гана дарыгерлерине көрүнөрүн жана түрмөнүн медициналык кызматкерлери менен кызматташпай турганын белгилген.

Мурдагы президенттин жеке дарыгери жана адвокатынын айтымында, 53 жаштагы Саакашвилинин абалы күн сайын начарлап баратат жана мындан улам анын жеке ооруканага которулушун талап кылышууда.

"Өкмөт Саакашвилинин саламаттыгына байланыштуу эч кандай чара көргөн жок десек болот. Алар Саакашвилинин түрмөдө калышын көздөшөт. Мына ушул себептен улам ал камалгандан бери кырк күн өтсө да сот жараяны бүтө элек. Биз соттун өтүшүн талап кылып кайрылсак да, алар элдин Саакашвилинин абалын көрүшүн каалашпайт", - деди адвокат Дмитрий Садзаглишвили.

8-ноябрда эртең менен Саакашвили ачкачылыгын аягына чейин улантарын айткан.

Жаза аткаруу кызматы камактагы саясатчы белгисиз азыктарды жеп, бөтөлкөдөн бир нерсе жутуп жатканын чагылдырган видеону дем алыш күнү жарыялаган. Ошол эле күнү Саакашвили каршылык иретинде витаминдерди жана шире ичүүнү токторун билдирген.

Саакашвилини түрмөнүн ооруканасына которуп жаткан маалда тартылган видео.

Саакашвили 1-октябрда Грузияга кайтып келери менен камалган жана дароо ачкачылык жарыялаган. Мурдагы президенттин тарапташтары нааразылык акциясын уюштуруп, анын бошотулушун талап кылып келет.

Буга чейин өкмөт башчы Ираклий Гарибашвили Саакашвилини түрмөдөн жеке ооруканага которуу сунушун коопсуздукка шылтап четке каккан. Ал өкмөт Грузиянын мурдагы президентин мөөнөтүнөн мурда бошотуп, Украинага өткөрүп бербей турганын кошумчалады.

Украинанын жарандыгын алган Саакашвили Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган. Ал 2018-жылы сыртынан сегиз жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы президент ага тагылган айыптардын баарынын саясий өңүтү бар экенин билдирип келет.

3-октябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы алдыга чыккан. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын кабыл албай, миллиардер Бидзина Иванишвилинин партиясы шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын бурмалаган деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG