Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Батыш Грузияны да, Саакашвилини да коргоду


Грузия. Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин боштондугун талап кылган митинг. 15-октябрь, 2021-жыл.
Грузия. Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин боштондугун талап кылган митинг. 15-октябрь, 2021-жыл.

АКШ менен Грузия коопсуздук боюнча кызматташа турган документке кол коюлду.

Кара деңиз боюндагы АКШнын союздаштары менен өнөктөштөрүн колдоо боюнча меморандумдун толук мазмуну ачык жарыяланган жок. Бул арада Европадагы мурдагы жана учурдагы саясий ишмерлер жана дипломаттар Тбилисиден мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвилини бошотуу боюнча кайрылуу кабыл алды.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин грузин кесиптеши Жаншер Бурчуладзе менен 18-октябрда Тбилисиде коргонуу жана коопсуздук боюнча кызматташууну караган алдын ала макулдашууга кол койду.

Бул Кара деңиз боюндагы АКШнын союздаштарын жана өнөктөштөрүн аскердик колдоого багытталган документ. Анда Грузияга сырттан кол салуу болсо АКШ өзүнө алган милдеттер камтылды.

Пентагон Украина жана Румыния менен дагы ушундай келишим түзөрү айтылып, бирок анын шарттарын толук жарыялаган жок.

Тбилисиге жолдонгон кайрылуу

Мунун алдында Тбилисиге Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини бошотууга үндөгөн Литванын, Украинанын эки экс-президенти, Швециянын экс-премьер-министри, Европарламенттин 25 депутаты баш болгон жетимишке чукул саясий ишмерлер менен дипломаттардын кайрылуусу жиберилди.

Өткөн жумада Тбилисиде миңдеген адамдар катышкан митингде мурдагы президентти бошотуп, анын үстүнөн ачык сот өткөрүү талабы жаңырды:

"Менин көз карашым боюнча бул өлкөдө чындык жана адилеттүүлүк жок. Эгерде адилдик болсо, мурдагы президент сот жообуна тартылмак эмес. Мен аны саясий туткун деп эсептейм. Мен буга макул эмесмин", - деген Саакашвилини колдоп, каршылык акциясына чыккандардын бири Леван Бутхузи.

Мекенине жакында кайтып келген учурда кармалып, камакка алынган Саакашвилинин тарапташтары муну Кремлдин буюртмасы катары кабыл алышкан. 15-октябрда Тбилисиде жөө жүрүшкө чыккан жарандык активист Лина Долидзе Грузия европалык багытты тандаганы менен анын азыркы жетекчилик Кремлдин каалосун аткарып жатат деп сындады:

"Михаил Саакашвили заманбап Грузин мамлекетин түзө алды. Бул үчүн ал Путиндин жеке туткуну болуп, түрмөдө отурганы - адилетсиздик. Ошол эле кезде Путин койдурган адам Грузияны башкарып жатат", - дейт жарандык активист Лина Долидзе.

"Мишанын эркиндигине байланган болочок"

Саакашвили 1-октябрда Грузияга кайтып келип, бир нече саат өтпөй кармалып, Рустави шаарындагы абакка камалган. Ал эртеси бул камоого каршылык иретинде ачкачылык жарыялаган. Саакашвили түптөгөн Бирдиктүү улуттук кыймыл партиясынын төрагасы Никанор Мелия экс-президенттин боштондугун келечек менен байланыштырды.

Грузия. Никанор Мелия. Саакашвили негиздеген Бирдиктүү улуттук кыймыл партиясынын төрагасы. Тбилисидеги митинг. 15-октябрь, 2021-жыл.
Грузия. Никанор Мелия. Саакашвили негиздеген Бирдиктүү улуттук кыймыл партиясынын төрагасы. Тбилисидеги митинг. 15-октябрь, 2021-жыл.

"Маселе Михаил Саакашвилини президент катары сактап калууда эмес. Маселе биздин келечекти сактап калуу. Биз Лукашенконукундай режим болушун каалабайбыз. Биз Грузиянын демократиядан алыс мамлекет болушун каалабайбыз", - дейт Никанор Мелия.

Сегиз жылдан бери чет мамлекеттерде жүргөн мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили 2018-жылы сыртынан кесилген. Ал соңку мезгилде украин жарандыгын алып, Одессанын губернатору жана коррупцияга каршы агенттиктин жетекчиси болгон.

Грузиядагы жергиликтүү шайлоо алдында Саакашвили мекенине кайтып келип, саясатка батыл киришерин айткан. Саакашвилиге Грузияда президент болуп турган кезиндеги ишмердиги үчүн "коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери менен айып тагылып, сыртынан тогуз жылга соттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG