Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Грузин оппозициясы нааразылык акцияларын улантат


Грузиянын Борбору Тбилисиде өткөн митинг.
Грузиянын Борбору Тбилисиде өткөн митинг.

Грузиянын оппозициячыл партиялары мурдагы президент Михаил Саакашвили абактагы ооруканын күзөтчүлөрүнөн кордук көргөнүн айткандан кийин нааразылык акцияларын өткөрүүнү пландаштырууда.

Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жана тарапташтары 8-ноябрда Тбилисинин Эркиндик аянтына митингге чыккандан кийин өкмөттүк администрациянын имаратынын жанында түнөштү. Анын эртеси полиция темир тосмолорду коюп чыкты.

Митингге чыгып сөз сүйлөгөн Бириккен улуттук кыймылдын лидери Ника Мелиа оппозициянын үч негизги талабын угузду. Алар Саакашвилинин жарандык ооруканага которуу, аны бошотуу жана муниципалдык шайлоолорду кайра өткөрүү.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 8-ноябрда которулган ооруканада күзөтчүлөр тарабынан кыйноого кабылганын билдирген. Саакашвили адвокаты аркылуу жазган катында сакчылар өзүн "тилдеп, моюнга муштап, чачынан жерге сүйрөшкөнүн" жазган. Саакашвили өзүнүн абак ооруканасына которулушун "өлтүрүү максатында болду" деп эсептейт.

Жаза аткаруу кызматы 8-ноябрда билдиргендей, Саакашвили ден соолугуна байланыштуу Рустави шаарындагы абактан Глдани абагынын клиникасына которулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG