Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Европа Кеңеши Беларус менен виза режимин жеңилдетүү келишимин жарым-жартылай токтотту


Польша менен Беларустун чек арасында турган мигранттар зымдарды кесип өтүүгө аракет кылууда.
Польша менен Беларустун чек арасында турган мигранттар зымдарды кесип өтүүгө аракет кылууда.

Европа Кеңеши Беларус менен виза режимин жеңилдетүү боюнча келишимин жарым-жартылай токтотту. Буга Минскинин Евробиримдикке каршы багытталган Польша-Беларус чек арасындагы мигранттардын кризисин күчөткөн “гибриддик чабуулу” себеп болду.

Европа Кеңеши келишимди токтотуу чечими карапайым жарандарга таасир этпей турганын айтты. Бирок Беларустун аткаминерлери үчүн төмөндөтүлгөн виза төлөмдөрү жана виза алууга болгон жеңилдиктер алынып салынат.

“Беларус режими миграцияны инструмент катары пайдаланып жатканын биз катуу сындайбыз жана жактырбайбыз. Беларус бийлиги саясий максаттарды көздөп, адамдардын өмүрү менен ойноп жатканы туура эмес”, - деди Словениянын ички иштер министри Алес Хойс.

Бүгүн, 9-ноябрда Беларустун аймагындагы мигранттар чек арада тартылган зым тосмолорун кесип өтүүгө аракет жасаган. Андан кийин Польша Беларус менен чек арадагы өткөрмө бекетин жабуу чечимин кабыл алды.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Твиттердеги баракчасына “учурда жалпы Евробиримдиктин стабилдүүлүгү жана коопсуздугу мигранттардын кризинен улам коркунучта” турганын жазды. Азыркы тапта Польша менен Беларустун чек арасында төрт миңдей мигрант лагер жайып турат.

Евробиримдик Беларустун президенти Александр Лукашенкону Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн чек арасына жакын жерлерге Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан мигранттарды алып келип жатканын айыптады. Бул оппозицияны куугунтуктаганы үчүн Минскиге салынган санкцияларга Лукашенконун жообу катары кабыл алынууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG