Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Талас: Талапкер Назарбековго байланыштуу маалыматты милиция териштирет


№20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мирлан Назарбековдун апасы мугалимдерге акча таратканы тууралуу АШКнын ыкчам чара көрүүчү тобу кабарлады.

Маалыматка ылайык, С.Бапышов аттуу жаран аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган. Анда талапкер Мирлан Назарбеков 4-ноябрда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы стадиондо мектеп окуучуларынын катышуусунда үгүт иш-чарасын өткөргөнү жазылган. Иш-чарада окуучулар талапкердин логотиби түшүрүлгөн кийимдерди кийип, желектерди көтөрүп жүрүшкөн.

Мындан сырткары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жарманбетова мугалимдер күнүндө мектеп директорлорун чакырып, Мирлан Назарбековдун апасынын атынан 5 миң сом жана айрым мугалимдерге 3 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык бергени айтылган. Жолугушуунун аягында С.Жарманбетова мектеп директорлорун жана мугалимдерди Мирлан Назарбековду колдоп, үгүт жүргүзүүгө чакырган.

Аталган маалымат милицияга жөнөтүлүп, текшерүү иштери башталды.

"Азаттык" радиосу Мирлан Назарбековго байланышты. Ал бул маалыматты четке какты.

"Биз жыл сайын кол алдыбызга 6-7 мектепти алып жардам берип келебиз. Быйыл кайсы учурда болгонун билбейм. Анан мугалимдерге шайлап бергиле деп айткан эмеспиз, баары жалган жалаа", - деди Назарбеков.

9-ноябрга карата Шайлоо дайындалган күндөн тартып Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) мыйзам бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү.

Арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгү шайлоочулардын добуштарынын сатып алынышы тууралуу. Мындан сырткары үгүттөө шарттарынын бузулушу, административдик ресурстун кыянаттык менен пайдаланылышы, атайын жалган документтердин колдонулгандыгы тууралуу кайрылуу бар.

Мирлан Назарбеков 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Матраимовго тиешеси бар делген "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен шайлоого катышкан. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG