Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Германия Евробиримдикти Польшанын чек арасын кайтарууга жардам берүүгө үндөдү


Польшанын Бружи-Кузница чек арасындагы беларус аскерлери. 8-ноябрь, 2021-жыл. (Сүрөт Польшанын коргоо министрлигине таандык)
Польшанын Бружи-Кузница чек арасындагы беларус аскерлери. 8-ноябрь, 2021-жыл. (Сүрөт Польшанын коргоо министрлигине таандык)

Германия Евробиримдикти Беларустан мыйзамсыз өткөн мигранттардын агымын токтотуу үчүн Польшанын чек арасын кайтарууга жардам берүүгө үндөдү.

Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер 9-ноябрда Bild гезитине курган маегинде, Польша же Германия муну жалгыз чече албасын айтты.

"Биз Польшанын өкмөтүнө алардын тышкы чек арасын коргоого жардам беришибиз керек".

Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен буга чейин биримдикке мүчө мамлекеттерди мигранттардын агымына байланыштуу Беларуска каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырган.

Польша өкмөтү учурда чек арага жакын жерде 3000-4000 мигрант бар экенин жана дагы миңдеген мигранттар аларды ээрчүүгө даяр экенин билдирди. Польшанын Коргоо министрлиги "Бружи-Кузница" чек ара бекетине жакын жерде мигранттардын тобу тартылган видеону тараткан. Дагы бир видеодо аскер кийимчен куралчан адамдардын коштоосунда эркектер менен аялдардын жоон тобу тартылган.

Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак "Твиттердеги" баракчасына чек арага 12 миңден ашуун аскер жайгаштырылганын, алар полиция менен бирге "Польшанын чек арасын коргоого даяр" экенин жазды.

Буга чейин жүздөгөн мигранттар Польшанын чыгыш чек арасын көздөй баратканын чагылдырган сүрөт, видеолор социалдык тармактарга жарыяланган. Соңку айларда Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана Африкадан миңдеген мигранттар Беларус аркылуу Польша, Латвия жана Литвага кирүүгө аракет кылууда.

Евробиримдик Брюсселден өч алуу максатында мигранттарды алып келип, чек араны көздөй багыттып жатканы үчүн Александр Лукашенкону айыптап жатат. Буга чейин шаркет оппозицияны, маалымат каражаттарын жана жарандык коомду куугунтуктаганы үчүн Минскиге бир катар санкцияларды салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG