Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Польша мигранттардын агымына байланыштуу Беларус менен чек арасын бекемдейт


Польшалык чек арачылар Беларус менен чек араны бекемдеп жатышат. 26-август, 2021-жыл. Номики айылы.
Польшалык чек арачылар Беларус менен чек араны бекемдеп жатышат. 26-август, 2021-жыл. Номики айылы.

Польша жүздөгөн мигрант чек арага жакындап калганы тууралуу маалыматтардан улам өлкө чыгышындагы Беларус менен болгон чек арасын бекемдеп жатканын билдирди.

Буга чейин жүздөгөн мигранттар Польшанын чыгыш чек арасын көздөй баратканын чагылдырган сүрөт-видеолор социалдык тармактарга жарыяланган.

"Беларус олуттуу кагылышынуун башталашын көздөп, чагымчылдык жасап жатат", - деди Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Петр Вавжик.

Соңку айларда Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана Африкадан миңдеген мигранттар Беларус аркылуу Польша, Латвия жана Литвага кирүүгө аракет жасап келишет.

Евробиримдик Брюсселден өч алуу максатында мигранттарды алып келип, чек араны көздөй багыттып жатканы үчүн Александр Лукашенкону айыптап жатат. Буга чейин шаркет оппозицияны, маалымат каражаттарын жана жарандык коомду куугунтуктаганы үчүн Минскиге бир катар санкцияларды салган.

Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак 8-ноябрда "Твиттерге" жазгандай, чек арага 12 миңдей аскер тартылды. Ошондой эле, чек аралаш аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мыйзам чыгаруучулар өлкө чыгышындагы чек арага дубал куруу үчүн 407 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG