Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

COP26: жакыр мамлекеттерге жардам берүүгө көңүл бурулат


Глазгодогу климаттын өзгөрүшүнө арналган эл аралык саммит. 3-ноябрь, 2021-жыл. Шотландия.
Глазгодогу климаттын өзгөрүшүнө арналган эл аралык саммит. 3-ноябрь, 2021-жыл. Шотландия.

COP26 конференциясынын экинчи аптасында жакыр мамлекеттерге климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштө колдоо көрсөтүүгө көңүл бурулат.

8-ноябрда Шотландиянын баш калаасы Глазгодо өлкө бийликтери табият кырсыктарына дуушар болгон, тобокелчиликте турган мамлекеттерге жардам берүү боюнча макулдашуу кабыл алууга аракет кылышат.

Британиянын Эл аралык соода боюнча министри Анн-Мари Тревельян өнүгүп бараткан мамлекеттерге көбүрөк жардам берүүгө чакыруу үчүн 26 мамлекеттин, анын ичинде АКШнын министрлери менен жолушат.

Буга чейин Британия абанын ысышынан жапа чегип жаткан аярлуу мамлекеттерге 400 миллион доллар бөлүп берерин жарыялаган.

8-ноябрда жарыяланган баяндамада белгиленгендей, эгер 2100-жылга чейин глобалдык абанын орточо температурасы 2,9 градуска чейин ысыса дүйнөдөгү бир топ мамлекеттер жабыркайт. Маселен, 65 аярлуу мамлекеттин ички дүң өндүрүмү 64% төмөндөйт, ал эми 2050-жылга чейин 20% ылдыйлайт.

Климаттын өзгөрүшүнө арналган эл аралык саммит 1-ноябрда башталган. Ага 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG