Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Бишкекте универсалдуу көргөзмө-жарманке өтөт


Ош шаарындагы жарманке. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаарындагы жарманке. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы 10-20-ноябрда "Бишкек Сары-Өзөн 2021" универсалдуу көргөзмө-жарманкесин өткөрөт. Иш-чаранын программасы эки чоң бөлүктөн турат. 10-14-ноябрда тамак-аш жана кайра иштетүү, айыл-чарба техникалары, спорт, туризм шаймандары, эмерек, бал боюнча универсалдуу көргөзмө өтөт. 16-20-ноябрда иш-чаранын экинчи бөлүгүндө "Алтын күз" аттуу товарлардын жарманкеси уюштурулат. Иш-чара "Аю Гранд2 соода борборунда өтөт.

Жарманкеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө. Мындан сырткары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ишкерлер, Орусиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн жана Белорус, Индия, Иран, Пакистан элчиликтеринин өкүлдөрү чакырылган.

Пандемия учурунда Кыргызстанда бир катар жергиликтүү ишканалар токтоп, анын айынан өндүрүш түшүп кетти.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстан күндөлүк керектөөчү товарларды, азык-түлүктү, техниканы, кийим-кечени, курулуш жана өнөр-жай товарларын 80% чейин сырттан импорттойт. Бул өлкө импорттон толугу менен көз каранды дегенди түшүндүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG