Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

АКШда үч университет бомба тууралуу билдирүүдөн соң окуу бөлүмдөрүн эвакуациялады


Колумбия университети. Иллюстрациялык сүрөт.
Колумбия университети. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШдагы Колумбия, Корнелл жана Браун университеттери окуу кампустарынын айрым бөлүгүн эвакуациялашканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Колумбия университетинде жардыруу болору тууралуу билдирүүдөн соң, чукул кырдаал жарыяланды. Окуу жайдын Columbia Daily Spectator гезити эки кампус эвакуацияланганын жазды. Кийинчерээк билдирүүлөр жалган болуп чыкты.

Корнелл университети "Твиттердеги" баракчасында окутуучуларды жана студенттерди коопсуз жерде болууга чакырды.

Браун университетинде билдирүүдөн соң бир нече окуу корпусу эвакуацияланганы, полиция иликтөө жүргүзүп жатканы кабарланды.

Жардыруу тууралуу билдирүүлөрдүн артында кимдер турганы азырынча белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG