Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Хьюстондо музыкалык фестивалдагы тыгылышта бир канча адам көз жумду


Фестиваль болуп жаткан жерге келген "Тез жардам" автоунаасы.
Фестиваль болуп жаткан жерге келген "Тез жардам" автоунаасы.

Американын Техас штатынын Хьюстон шаарында Astroworld музыкалык фестивалындагы тыгылышта онго жакын адам каза таап, 300дөн көбү жараат алды.

6-ноябрдын кечинде популярдуу рэпер Трэвис Скотт ырдай баштаганда эл сахнага карай агылып, тыгылыш жаралган.

"Дүрбөлөң жаралып, тыгылышта адамдар эсин жоготуп, кулай баштады", - деди Хьюстондун өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Сэмюэл Пенья басма сөз жыйынында. Анын айтымында, ооруканага 17 адам жеткирилген.

Кырсык учурунда NRG Park концерттик аянтында 50 миңдей адам болгон.

Рэпер Трэвис Скотт күйөрмандардын сахнанын жанында эси оой баштаганын көргөндөн кийин аткарып жаткан ырын бир канча жолу токтотконун Houston Chronicle басылмасы жазды. Полиция териштирүү жүргүзүп жатканын "Америка добушу" кабарлады.

Кийинчерээк Скотт окуяга өкүнүп турганын айтып, полицияга жардам көрсөтөрүн убада кылды.

Уюштуруучулар фестивалдын ишемби күнү улана турган бөлүгүн токтотту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG