Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө


Бишкектин чети. Ата-Бейит мемориалдык комплекси.
Бишкектин чети. Ата-Бейит мемориалдык комплекси.

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

"Улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүндө жаратман инсандардын эмгеги менен тарыхка өчпөс из калтырган окуялардын орду чоң. Алардын бири соңку жаңы тарыхта болуп өткөн 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана 1917-жылдын 7-ноябрындагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусуна шарт түзгөн терең мааниге ээ окуялар. Элибиздин басып өткөн жолун сый-урмат менен эскерип, татаал тарыхтан таамай сабак алып, учурдагы абалыбызга баа берип, андан туура жыйынтык чыгарып, келечекке бийик максаттарды коюушубуз абзел".

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.

Ошол кездеги президент кол койгон жарлык «1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине калыс тарыхый баа берүү максатында» кабыл алынганы айтылган.

7-8-ноябрь жылнаамада кызыл менен белгиленип, расмий майрам болуп саналат. Бул датага байланыштуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана саясий коомдук ишмерлер "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, өткөндөрдү эскеришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG