Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Президент журналисттерди өлкөнүн аброюн көтөрүүгө чакырды


Президент Садыр Жапаровдун жылдык басма сөз жыйынында тартылган сүрөт. 23-октябрь, Бишкек.
Президент Садыр Жапаровдун жылдык басма сөз жыйынында тартылган сүрөт. 23-октябрь, Бишкек.

Президент Садыр Жапаров 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата кыргызстандык журналисттерди куттуктады.

Ааламдашуу заманында журналисттердин коомду агартуудагы ролу чоң экенин белгилеген мамлекет башчысы коом турмушундагы окуяларды чагылдырууда маалымат каражаттарынын жоопкерчилиги да чоң экенин айтты.

"Кыргыз Республикасын эл аралык коомчулукка таанытуу, аброюн көтөрүү, мамлекетибиздин жетишкендиктери менен ийгиликтерин дүйнө жүзүнө жеткирүүдө маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бийик жоопкерчилик менен иш алып барат деген бекем ишеничтемин",- деди Садыр Жапаров.

Куттуктоонун тексти президенттин сайтына жарыяланды.

Кыргызстанда 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Бул дата кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу негизделген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG