Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиону болду (U-23)


Эрназар Акматалиев. Архив.
Эрназар Акматалиев. Архив.

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиону болду.

Күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 6-ноябрда 70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар финалда армениялык Вазген Теванянды 10:2 эсебинде утту.

Акматалиев 4-ноябрда жарым финалда азербайжандык Мурад Евлоевди 12:8 менен жеңген.

Ал бир ай мурда Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган.

Ушул чемпионатта 4-ноябрь күнү кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы да Дүйнө чемпиону болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG