Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиону болду (U-23)


Архив. Айпери Медет кызы. 18-сентябрь, 2019-ж.
Архив. Айпери Медет кызы. 18-сентябрь, 2019-ж.

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды.

Күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы 4-ноябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда колумбиялык Татиана Рентерианы жеңип алды.

Айпери Медет кызы кечээ, 3-ноябрда үч беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын артыкчылык менен уткан.

Алгач Эквадордун өкүлү Генезис Росангалени (4:0), чейрек финалда индиялык Бипаша Бипашаны жеңип алган (4:0). Жарым финалда америкалык Кайли Рении Валкерди 8:0 эсебинде уткан.

Бул дүйнө чемпионатында Кыргызстандан дагы бир балбан кыз Назира Марсбек кызы 57 килограмм салмакта күчүн сынап, алгачкы беттеште нигериялык Эстер Омалойо Колауолеге жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады.

Айпери Медет кызы 22 жашта. Ал бир ай мурда Норвегиянын Осло шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медал тагынган. Жаштар арасында дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), Дүйнө чемпионатынын күмүш (2016-ж.) байгелеринин ээси. Кыз-келиндер (чоңдор) арасында Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (Индия, 2020-жыл, Казакстан, 2021-ж.).

Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионаты 7-ноябрга чейин уланат. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча байгелер ойнотулган. Алдыда эркин күрөш боюнча таймаштар да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG