Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

БШК ОшМУнун жетекчилигине чара көрүүнү суранат


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигине чара көрүүнү Министрлер кабинетинен суранат. Буга Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жолугушуусуна катышкан студенттердин окуясы себеп болду.

Маселе Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматынын негизинде 6-ноябрдагы жыйында каралып, аталган топтун координатору Тынчтык Шайназаров чечимди окуп берди.

Буга чейин социалдык тармакта Ош шаарынын борбордук аянтында "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттер алып келингени боюнча видео тараган. 3-ноябрда милиция бул окуяны териштирүүнү баштап, административдик ресурс колдонулганын билдирген. Жоруктар кодексинин 87-беренесиндеги "Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу" деген пункт менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

ОшМУнун пресс кызматы Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери партиянын үгүт жыйынына катышканын бышыктады. Университетте ички териштирүү жүргүзүлүп, факультеттин деканына эскертүү, эки окутуучуга сөгүш берилди.

Аталган партиянын мүчөлөрү студенттердин жолугушууга келишинде кылмыштын белгилери жок экенин айтып жатышат.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

БШКнын жыйыны

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG