Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Шайлоо: Партиялардын тиреши күч алды


Парламенттик шайлоонун үгүт иштеринин алкагында партиялардын бири-бирине кескин чабуулдары каттала баштады. Жарышка түшкөн саясий топтор анын алдында эле өз ара каралоодон кармануу боюнча меморандум кабыл алышкан.

Үгүт өнөктүгүнүн алгачкы он күнүндө партиялардын ичинде ынтымагы ыдырап, талапкерлердин тизмеден чыга баштаган учурлары да айтыла баштады.

Ачыкка чыккан чабуулдар

Интернетке тараган тасмада "Багыт" саясий партиясынын талапкери "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерине жана лидерине каршы үгүт жүргүзүп жатат деген себеп менен, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы 5-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Ошол эле күнү "Фейсбукта" "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын талапкери эл менен жолугушуусунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясына добуш бербөөгө үндөгөн тасма тарады.

Парламенттик шайлоого үгүт жараяны 29-октябрда башталган. Бул аралыкта саясий партиялардан, бир мандаттуу округдардан койгон талапкерлерден каралаган үгүт жүргүзгөнү үчүн бири-бирине чара көрүүсүн суранган өтүнүч каттар Боршайкомго көп келип түшүүдө.
БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жалпысынан буга чейин 47 арыз кат келип түштү.

Акбалык Жумалиева.
Акбалык Жумалиева.

"Саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 5-ноябрда өз ара түшүнүшүү, бири-бирин каралоодон алыс болуу боюнча меморандум түзүлгөн. Жалпы үгүт жараяны башталгандан бери 50гө чукул арыз-даттануу келип түштү. Анын ар бири өзүнчө каралып, жекече чаралар көрүлүп жатат. Мисалы, өткөн аптада "Ынтымак" партиясынын талапкерин колдогон мамлекеттик кызматкерге эскертүү берилген, "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттердин жиберилгени үчүн ОшМУнун жетекчилигине чара көрүүнү Министрлер кабинетине сунуштадык. Азыр дагы он чакты арыздар каралып жатат, жыйынтыгы тууралуу маалымат берилет".


БШКнын Ыкчам чара көрүү тобу Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну Министрлер кабинетинен өтүнгөн чечимин 6-ноябрдагы жыйынында кабыл алды.

Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жолугушуусуна студенттерин катышуусу шайлоого административдик басым кылбоо тууралуу президенттин жарлыгына каршы келерин Шайлоону өткөрүү, даярдоо боюнча республикалык штабдын төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов да белгиледи. Ал 5-ноябрда саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууда аларды добуш сатып алуудан карманууга чакырды:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

"Штабга күн сайын улам жаңы даттануулар келип жатат. Соцтармактарда тарап жатат. Оштогу бир мектептин директору мугалимдерине кысым көрсөтүп жатыптыр. Ошто эки окуу жайдын студенттери талапкерлер менен жолугушууга жиберилип жатат. Президент административдик басым кылбоо боюнча кошумча жарлык чыгарды. Биз бул жарлыктын жер-жерлерде иштеп жатканын текшерүүгө алдык. Сиздерден жаран катары суранарым: шайлоочуларды жана алардын добушун сатып алууга аракет кылбаңыздар".

Буга чейин социалдык тармакта Ош шаарынын борбордук аянтында "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттер алып келингени боюнча видео тараган. 3-ноябрда милиция бул окуяны териштирүүнү баштап, административдик ресурс колдонулганын билдирген. Жоруктар кодексинин 87-беренесиндеги "Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу" деген пункт менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

ОшМУнун басма сөз кызматы Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери партиянын үгүт жыйынына катышканын бышыктап, факультеттин деканына эскертүү, эки окутуучуга сөгүш берилгенин маалымдаган.

Мааранын алдында жарыштан чыккан талапкерлер

Өз ара түшүнүшүү меморандумуна парламенттик шайлоого аттанган 21 саясий партиялардын баарыын тең өкүлдөрү кол койгон. Ага кол коюу менен партиялар шайлоону эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүүгө кепилдик беришет. Ошондой эле өз ара каралоодон карманууга милдеттүү.

БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов кайсы бир партиянын үстүнөн "каралады" деп кайрылган тарапка да маалымат тастыкталбаса чара көрүлөрүн эскертти.

"Партиялар ар бир шайлоо сайын меморандумга кол коюшат. Бирок ар бир шайлоо сайын, өзгөчө добуш берүү күнү чукулдап калган учурларда бири-биринин үстүнөн даттанып, көп кайрыла башташат. Кайсы бир талапкер же партиянын үстүнөн жалган маалымат берип, даттанса, аларга да чара көрүлөт. Анткени алар милициянын, биздин убактыбызды алып жатышат. Муну эскертип коюу керек".

БШК партияларды жана талапкерлерди өз ара каралоодон алыс болууга чакырып жаткан учурда айрым саясий партиялардын ичинде ыркы келишпестиктер болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарады. Айрым партиялардын талапкерлери өздөрү арыз жазып, шайлоого катышуудан баш тартып, тизмеден чыгып кеткени маалым болду.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Сагындык Келдибаев менен Арзыбек Карыбеков да бар. Микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тартып, купуя калууну каалаган булактын айтуусунда, булар партиянын ички интригасынан улам парламенттик шайлоого талапкер болуудан баш тартып, "Ынтымак" партиясынын тизмесинен чыгып кетишкен.

Бул маалыматты талапкерлердин өздөрүнөн тастыктоого мүмкүн болгон жок. Ал эми партиянын лидери Марлен Маматалиев бул маалыматтарды четке кагып, шайлоо алдындагы "кара пиар" деп атады:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

"Партиянын ичинде эч кандай пикир келишпестик болгон жок. Тизмеден чыгып кеткен талапкерлерибиз да азыр штабдарында иштеп, жардам берип жатышат. Буйруса дагы 20 күн калды, ошондон кийин мен булардын шайлоодон эмнеге баш тартышканын толук айтып берем".


Сагындык Келдибаев менен Арзыбек Карыбеков Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Республика - Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. Жетинчи чакырылышка "Ынтымак" партиясынын тизмесинде аттанышкан.

Боршайком бир нече саясий партиянын талапкерлери өз арыздары менен шайлоого катышуудан баш тартканын маалымдады. Ага ылайык, "Мекенчил Эл" партиясынан бир, "Аруузат" партиясынан төрт, "Ынтымак" партиясынан эки, "Жашасын Кыргызстан" партиясынын тизмесинен бир талапкер чыгып кеткен.

Ал эми бир мандаттуу округдардан акыркы жолу – 1-ноябрда тогуз талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан. Натыйжада, 312 талапкер калган.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG