Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Мандат кумары: парламенттин жаңы депутаттары


Жогорку Кеңеш.

Парламенттик шайлоого бир айдан аз убакыт калганда Жогорку Кеңешке улам жаңы депутаттар келүүдө. Акыркы бир айда эле беш депутат мандатын тапшырып, алардын ордун жаңылар ээледи. Мындай көрүнүш 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун астында да болгон.

Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтөрүнө саналуу күндөр калганда мандаттардын колдон-колго өтүшүн “мандат шеринеси”, “мандат соодасы” деп сындагандар болууда.

Колдон-колго өткөн мандат

Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Керезбеков менен Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатын тапшырып беришти. Канат Керезбеков парламенттеги эң маанилүү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетин жетектечү. Мейкинбек Абдалиев болсо алты ай мурда эле депутат болуп келген.

Акыркы эки айда мандатын тапшыргандар Керезбеков менен Абдалиев гана эмес. Сентябрь-октябрь айларында Алмазбек Жутанов, Пархат Тулендыбаев, Абдумажит Юсуров аттуу парламент депутаттары мандаттарын тапшырды. Алардын ордуна Арсланбек Ражапбаев, Алайбек Алымбаев, Эркин Жолдошалиев деген жаңы депутаттар келди.

Парламентте алты ай гана депутат болуп, бир ай калганда мандаттан баш тарткан Мейкинбек Абдалиев чечимин мындайча түшүндүрдү:

“Мен ушул жылы апрелде мандат алдым. Ушул убакытка чейин бизден алдыдагы адамдар бошотпой жүргөн. Шайлоо астында өз ара сүйлөшүү болгон. Азыр мандат алган жигит “Өнүгүү-Прогресстен” талапкерлигин коюп жакшы добуш алган, бирок тизмеде артта болгондуктан мандат албай калган. Анан аз дагы болсо ушул жигит мандат алып калсын деп тапшырып бердим”.

Мандатын тапшырып берген дагы бир экс-депутат Абдумажит Юсуров бул пландуу иш экенин айтты:

Абдумажит Юсуров
Абдумажит Юсуров

“2015-жылы “Өнүгүү-Прогресс” партиясы жалпы командалык иштин аркасы менен 7% босогодон өтө алганбыз. Арабызда жакшы добуш алып, бирок мандат албай калгандар болгон. Ошондуктан биздин партияда мен гана эмес, башкалар дагы балдарга жол бошотуп жатабыз”.

2020-жылы октябрь окуясынан кийин баш-аягы 19 депутат мандатын тапшырды. Алардын айрымдары мамлекеттик кызматка дайындалганына байланыштуу кеткен. 2020-жылы парламенттик шайлоого чейин 15 депутат алмашкан. Анын жетөө шайлоого бир ай калганда келген.

Мандат "шеринеге" айландабы?

Саясат таануучу Алмаз Тажибай парламенттеги бул көрүнүштү мыйзам менен жөнгө салууга учур келди деп эсептейт.

Алмаз Тажибай
Алмаз Тажибай

“Депутат болуунун артыкчылыктары бар. Пенсиясы каралат, мамлекеттик кеңешчи деген ар кандай чин, рангдарды алат. Эң башкысы экс-депутат деген макамы болот. Бул кыргыздын "башкы максаты" эмеспи. Ал эми мыйзам жагына келсек, мыйзам моралдык философиянын негизинде кабыл алынат. Азыр мандаттарын эмнеге тапшырып жатат? Жаңы депутат кандай мыйзам кабыл алып, жазууга жетишет? Мандатты соодалады деп айтканга негиз болуп жатпайбы. Ошондуктан мыйзамга "парламенттин беш жылдык мөөнөтү бүтөрүнө үч же алты ай калганда депутат мандатын тапшырса, ордуна жаңы депутат келбейт" деп так жазыш керек болуп калды”.

Жогорку Кеңешке жаңы депутат болгондор “мандат соодасы” тууралуу айыптоолорго жооп берүүнү каалаган жок.

Депутат болгон адамга мыйзамга ылайык бир катар артыкчылыктар берилет. Мисалы, маянасы, кеңешчисинен тышкары кызматтык автоунаага, үйү жок болсо, кызматтык батирге, чет өлкөгө эркин каттаганга мүмкүнчүлүк берген дипломатиялык паспорт алууга укуктуу. Андан тышкары жашы жеткенде өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн деген категория менен мамлекеттик пенсия алат.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов парламенттеги мандат тапшырууларда соодалашуу болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

“Кыргыз боорукер болот да, кээде ушул адам дагы күттү деп берип коет. Кээде соодалашуу болду деп угуп калам, бирок көргөн эмесмин. Менин оюмча боорукерлик кылган менен соодалашуу теңме-тең. Тарыхта депутат болуп калайын, төш белги тагынып жүрөйүн деп сурангандар болот. Убагында жакшы добуш алып, бирок системанын катасынан мандат тийбей калгандар болгон да. Бул жагынан туура деп ойлойм. Азыркы система муну жоюш керек”.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” жаңы мыйзамга ылайык, парламентке партиялык тизме менен шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин мөөнөтү аяктаганга чейин мандаттан баш тартып, ордуна кийинки депутат келе берет. Ал эми бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар парламенттин мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калганда мандаттан баш тартса же каза болсо кайра шайлоо өткөрүлбөйт.

2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышкан.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, босого чек жети пайыздан үч пайызга түшүрүлүп, кийин кайра 5 пайызга көтөрүлгөн. Өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтылган.

29-октябрдан баштап Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Шайлоо-2021: Үч районго бир депутат, күчөгөн атаандаштык
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:55 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG