Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

БШК менен спикердин сотко жеткен талашы


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Бишкектин административдик соту "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына катышып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытовдун талапкерлигин калыбына келтирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы сот чечимине каршы болуп, эми шаардык сотко кайрыла турганын билдирүүдө.

"Депутат - спикер болсо да депутат"

28-октябрдын кечинде, расмий үгүт өнөктүгү башталарына бир нече саат калганда Бишкектин административдик соту "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон парламент төрагасы Талант Мамытов боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгарды.

Сот муну шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттик кызматкерге коюлган милдеттеме Жогорку Кеңештин депутатына тиешелүү эместиги менен негиздеген.

Чечимде Талант Мамытов төрагалык кылганы менен катардагы депутат экени белгиленген.

"Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда жазылгандай, Жогорку Кеңештин депутатына берилген артыкчылык Жогорку Кеңеш төрагасынын ыйгарым укугун аткарып жаткан депутатка да тиешелүү. Анткени бул милдетти депутат болуп шайланып келгенден кийин аткарып жатат" деп жазылган чечимде.

"Ынтымак" саясий партиясынын лидери Марлен Маматалиев талапкер Талант Мамытов мыйзам бузбаганын белгилеп, тескерисинче БШКнын жыйынын жободон тышкары өткөрүлгөн деп эсептейт.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

"Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мамлекеттик кызматкерлер тууралуу реестрде "төрага - депутат" деп жазылып турат. Демек, ал төрага эле эмес, коллегиалдуу органдын мүчөсү - шайланган депутат катары кызматын тапшырбай шайлоого барууга укуктуу. Ал төрагалык милдетин орун басары Касымалиевага өзүнүн буйругу менен калтырды. Андан тышкары мамлекеттик кайтаруу жана башка төрагага бекитилген артыкчылыктарынан да ошол күнү баш тарткан. Эгер БШКнын жалпы бөлүмү дем алыш күндөрү иштебесе, ал биздин күнөөбүз эмес. Экинчиден, БШКнын Мамытовдун талапкерлиги боюнча жыйыны дем алыш күнү, мүчөлөрүнүн катышуусуз, добуш берүү СМС билдирүүлөр менен өткөнү мыйзамсыз. Бул эч бир жобого, мыйзамга да сыйбайт. Сот акыйкаттык кылып, кечээ утуп алдык".

Саясий кызматты ээлегендер кимдер?

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин реестри" тууралуу мыйзамда Жогорку Кеңештин төрагасы - депутаттары, Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары саясий кызматты ээлегендер деп көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңештин вице-спикери Талант Сыдыгалиев "Ишеним" партиясынын тизмесинде шайлоого аттанып жатып төраганын орун басарлыгы кызматын тапшырган.

"Ынтымак" партиясы 12-октябрда курултай өткөрүп, ага спикер Талант Мамытов да катышкан жана шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесинде болгон. Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлер талапкер болуп сунушталгандан кийин беш күн ичинде кызматын тапшырышы керек.

Талант Мамытовдун тарапкерлери ал Жогорку Кеңештин төрагалыгын орун басары Аида Касымалиевага 22-октябрдагы буйругу менен өткөрүп бергенин бекемдешүүдө. Учурда парламентте спикердин милдетин Аида Касымалиева аткарып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-октябрда "Ынтымак" партиясынын тизмесин бекитип жатып, Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетпегенине байланыштуу талапкер катары каттоодон баш тарткан.

"Мыйзам бардыгына бирдей"

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин баарынын укугу бирдей экенин 29-октябрда журналисттерге курган маалымат жыйынында эскертти.

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

"Биз Конституциялык мыйзамдын беренелерине таянганбыз. Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын убагында тапшырып берген эмес. Мыйзам боюнча ал кызматын убактылуу эмес, биротоло тапшырып берүүгө тийиш. Бүгүнкү күнү бизде айрым айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары, алардын орун басарлары шайлоого катышууга талапкерлигин койгон күндөн тартып, ишин өткөрүп беришкен. Ошондуктан, төрага боюнча да биздин позициябыз бирдей".

Талаш туудуруп жаткан "Шайлоо тууралуу" мыйзамдын мазмунуна келсек, 21-берене, 2-бөлүгү, 1-пунктунда "президент жана депутаттан тышкары саясий кызматты ээлеген талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирген күндөн тартып, кызматын тапшырууга тийиш" деп жазылып турат.

Американын Борбор Азиядагы университетинин профессору Эмилбек Жороев мына ушул беренеде төрага тууралуу айтылбаганы коомчулукту адаштырып жатат деген пикирде.

"Беренеде депутаттарга тиешеси жок деп турат эмеспи. Спикер жөнүндө сөз жок. Сүрүштүрө келгенде эки жакка тең жоруса болот. Аны балким Конституциялык сот чечмелеши мүмкүн. Анткени, Мамытов депутат дагы, спикер дагы. Бирок бул окуянын саясий өңүтү бар. БШК эч кандай реакция кылбай, каттап койсо, байкалбай деле калмак. Бирок БШКнын бул кадамы - шайлоодо саясий салмагы бар, бийликке жакын, анын ички чөйрөсүндө жүргөн кишини каттабай койгону - кандайдыр бир адилеттүүлүк болот окшойт деген үмүттү пайда кылды эле. Бийликке жакын адамдардын мындай катаал чечимге дуушар болгону - шайлоо адилеттүүлүгүнө ишенбей калган элге ишеним жараткан. Боршайкомдун чечиминин жокко чыгып калышы шайлоочуларды алдагандай, көз боёмочулук аракетиндей көрүнүп калды. Дагы белгилеп айта кетейин, бул жерде мыйзам так жазылбай калган".

Талант Мамытовду коомчулук президент Садыр Жапаровдун үзөңгүлөшү катары да тааныйт. 2012-жылы Кумтөр боюнча чогуу митинг уюштуруп, аягында Садыр Жапаров, азыркы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен чогуу соттолуп, камалып чыккан. 2015-жылкы шайлоого "Республика - Ата Журт" партиясы менен барган. Спикерлик кызматка да былтыр октябрда бийлик алмашкандан кийин шайланган.


Президент Садыр Жапаров 22-октябрда жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, "Кыргызстанда шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүүгө" чакырган. Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартылат деп убада берген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG