Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Иранда ири аскердик машыгуу башталды


Ирандын армиясы машыгууга байланыштуу 7-ноябрда жарыялаган сүрөт.
Ирандын армиясы машыгууга байланыштуу 7-ноябрда жарыялаган сүрөт.

Иран Ормуз кысыгынын чыгыш жагында жыл сайын өтүүчү ири аскердик машыгуусун баштады. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы 7-ноябрда билдиргендей, бул машыгууга Ирандын кургактагы аскерлери, деңиз флоту жана аба күчтөрү да катышууда.

"Золфагар-1400" деп аталган машыгууга аскердик учактар, тик учактар, деңиз алдында жүрүүчү кемелер жана пилотсуз дрондор тартылды. Ирандын мамлекеттик телеканалы бул аскердик өнөктүк "чет өлкөлөрдүн коркунучуна жана Иранды басып алуу аракетине каршы турууга болгон даярдыкты жакшыртууну" көздөрүн билдирди. Азырынча машыгуу канчага созулары белгисиз.

Бул машыгуу Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди жандантууну көздөгөн сүйлөшүүлөр кайра башталарына саналуу күндөр калганда өтүп жатат. Буга чейин Евробиримдик Улуу Британиянын, Кытайдын, Франциянын, Германиянын, Орусиянын жана Ирандын өкүлдөрү катыша турган Вена шаарындагы сүйлөшүү 29-ноябрда өтөрүн жарыялаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

2018-жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы келишимден чыгып кетип, санкцияларды кайра жанданткан. Тегеран буга жооп кылып, макулдашуунун айрым шарттарын аткаруудан баш тартып, уран байытуу аракетин күчөткөн.

Быйыл АКШда президент Жо Байден ишке киришкенден көп өтпөй апрель айында Венада башталган сүйлөшүүлөр Иранда Батышка каршы турган, ашынган консерватор саясатчы Ибрахим Раиси президент болуп шайлангандан кийин токтоп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG