Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Коронавирустан дагы үч бейтап көз жумду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

7-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду. Акыркы бир суткада 66 киши вирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын көбү Бишкек шаарында экенин Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 182 миңге жакындап калды. Коронавирустан өлгөндөрдүн расмий эсеби - 2686.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 7-ноябрда 1 миллион 800 миңге жакындады. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки жолу берилет, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Жашы 18ден өткөн жарандар Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттарын акысыз алат. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө бул ооруну жуктуруп алгандар 250 миллиондон ашып, 5 миллиондон көбү кайтыш болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG