Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

COP-26: Он миңдеген адам Глазгодо демонстрацияга чыкты


Жүрүшкө кенже жаштагы мектеп окуучулары да катышууда.
Жүрүшкө кенже жаштагы мектеп окуучулары да катышууда.

Шотландиянын Глазго шаарында 5-6-ноябрда он миңдеген адам климаттык адилеттүүлүктү талап кылган демонстрацияга чыгышты. Алар Глазгодо өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык өзгөрүулөр боюнча 26-саммитинин катышуучуларынан планетаны сактап калуу жаатында олуттуу ишке өтүүнү талап кылышууда.

Глазгонун борбордук Келвингрув Парк көчөсүнөн Жорж аянтына чейин жүрүшкө чыккандар “Капитализм климатты өлтүрүүдө”, “Климаттык адилеттүүлүккө жетели” деген сыяктуу ураандарды көтөрүп алышты.

Каршылык демонстрациясынын башында швециялык өспүрүм активист Грета Тунберг турат. Жүрүшкө кенже жаштагы мектеп окуучулары да катышууда.

1-ноябрда дүйнө лидерлеринин катышуусу менен башталган саммитке 114 өлкөнүн башчылары келген. Алар абага бөлүнүп чыккан уулуу газдарды азайтуу, жашыл экономикага өтүү саясаты тууралуу кайрылуу кылышты.

Президент Садыр Жапаров да дүйнө лидерлеринин саммитине катышып, 2-ноябрда кайрылуу жасады. Ал бул иш-чарага Борбор Азиядан барган жалгыз лидер болду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG