Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Ошто талапкердин жолугушуусуна катышкан студенттер боюнча тергөө жүрүүдө


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жолугушуусуна катышкан студенттердин окуясы Жоруктар кодексинин 87-берененин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатат. Анын негизинде ондон ашуун студент күбө катары суралды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов "Азаттыкка" билдирди.

"Жетекчилик же мугалимдер тараптан административдик ресурс колдонулдубу, жокпу, жолугушууга коркутуп алып барыштыбы же өзүңөр бардыңарбы деген суроого жооп алуу үчүн күбө катары студенттер суралды. Азыр дагы суралып жатат", - деди Ош милициясынын өкүлү.

Буга чейин социалдык тармакта Ош шаарынын борбордук аянтында "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттер тартылганы боюнча видео тараган. 3-ноябрда Ош шаардык милициясы бул окуяны териштирип баштаган жана окуу жайлардын аттарын ачыктаган эмес.

Аталган партиянын мүчөсү Жылдызкан Жолдошева жолугушууга талапкерлердин программасын угууга келген студенттерди үч сааттан ашык убакыт кармап турушканын билдирди. Студенттердин жолугушууга келишинде кылмыштын белгилери жок экенин партия мүчөлөрү айтып жатышат.

Ош ШИИБи шайлоого байланыштуу буга чейин төрт кайрылуу келгенин маалымдаган. Алардын экөө кыскарып, бирөө Аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсө, дагы бирөө тергелип жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкө боюнча шайлоо күнү белгиленгенден тартып 36 арыз-даттануу түшкөн. 10 кайрылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган, алардын ичинен төрт иш боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат. Алты кайрылуу боюнча кылмыш тутумунун жоктугуна байланыштуу териштирүү токтотулган, дагы экөө Ички иштер министрлигинин кароосунда.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG