Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:41

Бишкек "Талибанды" тааныбайт, Кабул менен сүйлөшөт


Ооганстан.

Кыргызстан Ооганстанда бийликте турган "Талибан" өкмөтүн (өлкөдө тыюу салынган) расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирди.

Бишкекте 4-ноябрда өткөн жана Ооганстандагы кырдаал талкууланган жыйында кыргыз бийлиги талибдер түзгөн өкмөт боюнча позициясын дагы бир жолу айтты. Жыйынга Борбор Азиянын жана башка өлкөлөрдүн эксперттери катышты.

Кыргызстандын позициясы

Бишкектеги талкууда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыргызстан азырынча “Талибан” өкмөтүн расмий тааныбай турганын айтып, бирок Кабул менен диалогго баруунун зарылдыгына токтолду.

Таалатбек Масадыков.
Таалатбек Масадыков.

"Ооганстан кошуна, биздин региондо болгондон кийин талибдердин өкмөтү менен диалогду түзүш керек. Ал жерде кризис, жарандык согуш болбошу үчүн жардам бериш керек деген пикир бар. Мен дагы колдойм. Азыркы маалда Ооганстандагы абал өтө оор. Ооганстанга тиешелүү акчалар тоңдурулган. Бизге жагабы-жакпайбы азыркы келген бийлик башкарууда. 38 миллион эл бар. Ошол эл кыйналбасын деп кошуналары жардам кылып жатат. Биздин мамлекет эки жолу жардам берди. Биринчисин ооган элине бердик, экинчи жолу оогандык кыргыздарга бердик. Эгер мындай позицияны колдобосок, ал жактагы абал абдан курчуп кетиши мүмкүн. Конфликт курчуса, регионго таасир этет. Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ичинен төрт өлкөнүн позициясы бирдей, бир мамлекеттин көз карашы башкача. Биз ал позицияны сыйлайбыз. Башка көз караш болсо дагы бир үстөлгө отуруп, бир ойго келсек деген ой бар".

Масадыков Ооганстанда кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымалдыгын, “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жоочулары көбөйүп атканын дагы кошумчалады. Ал өткөн аптада Кабулда беш күн жүрүп, “Талибан" өкмөтүнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолукканын учкай айтып кетти. Анда кандай сүйлөшүүлөр болгонун ачыктай албасын, Ооганстандагы абал "эл аралык медиа сүрөттөгөндөн башкачараак" деп сыпаттады.

"Кабулдун көчөлөрүнөн көргөнүмдү айта алам. "Мектепке кыздар барбай калды" деп жатышат, бул чындык эмес. Кабулда 6-класска чейинки кыздар окууга барып жатат. Айрым жерлерде кыздар менен балдарды бөлүп коюшкан. Түндүк провинцияларында кыздар 12-класска чейин барып жатат. Кабулдун көчөлөрүн кыдырып чыктым, аялдар сөзсүз жамынып, бетин көрсөтпөйт деген туура эмес. Аялдар медициналык маска тагынып жүрөт же тагынбай эле жүрөт. Бирок башында жоолугу бар. Бул Кабулдун тегерегиндеги көрүнүш".

Масадыков быйыл сентябрда да президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстандын элинин атынан ооган калкына гуманитардык жүк жеткирген. Аны "Талибандын" жаңы түзүлгөн өкмөт башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадарга тапшырган.

Бул талибдердин ооган бийлигин колго алгандан берки Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку жетекчилери менен ачык жарыяланган алгачкы жолугушуусу болуп калган.

Жыйында Масадыков Ооганстандагы де-факто бийликке жардам болбосо, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин, өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган радикал топтун жоокерлери көбөйүп жатканын кошумчалады.

БУУ баш болгон бир катар укук коргоо уюмдары талибдер өз убадаларына турбай, аялдарга иштөөгө, ал эми кыздарга билим алууга мүмкүнчүлүк бербей жатат деп айыптап келишет. Ооганстандын жаңы бийлиги сөз эркиндигин чектеп, этникалык, диний азчылыктар кодуланып жатканы үчүн сынга кабылып келет.

Кыргызстандын кызыкчылыгы

Кыргызстан ооган маселесинде эл аралык уюмдардын мүчөсү катары катышса жетиштүү деген көз караш да бар. Жыйында дипломат, мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев ушундай оюн ортого салды:

"Кыргызстан Ооганстан менен чектешпейт. Географиялык алыстык жана тил менен маданияттагы айырма коркунучту чоң, бүдөмүк сездирип жатат. Экинчиден, Кыргызстандын Ооганстанда этникалык кызыкчылыгы жок. Бул маселе Ооганстандын башка коңшуларына тиешелүү. Ооганстандын Бадахшанындагы аз сандагы кыргыздардын көйгөйү саясий-аскердик же экономикалык эмес, гуманитардык маселе. Кыргыз өкмөтүн жана эксперт коомчулугун көбүрөөк Пакистандагы жана Ооганстандын түндүгүндөгү террордук топторго мүчө кыргызстандыктардын кыймылы ойлондурат. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын Ооганстандагы соода-экономикалык кызыкчылыгын аныктоо дагы кыйын. Кызыкчылыгы болсо дагы анын көлөмү жана сапаты масштабдуу талкуулоого арзыбайт. Бирок, Кыргызстан Ооганстан менен белгилүү себептерден улам байланышын активдештириш керек экени анык. Ошондуктан, Бишкектин ооган маселесине эл аралык уюмдардын мүчөсү катары катышуусу эң оптималдуу".

Конференция учурунда Ооганстандагы кырдаалдын Борбор Азия мамлекеттерине тийгизчү таасири жалгыз гана чек аранын жакындыгы эмес, региондогу диний абалга барып такалары да айтылды.

"Борбор Азия мамлекеттери өзү жалгыз бул жараян менен күрөшүүгө алы жетпеси баарына белгилүү. Терс жагдайлардын алдын алуу үчүн бирдиктүү күн тартибин иштеп чыгуу зарыл. Региондо элдин диндешип баратканын баарыбыз түшүнүп турабыз. Керек болсо бул жараянда саясий элементтер дагы пайда боло баштаганы байкалат. Андыктан бул абал радикал, экстремисттик топторго өз идеяларын жайылтууга канчалык ыңгайлуу деген суроо турат. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү ишеним жана түшүнүү менен бирдикте иштөө үчүн аянтчаларды түзүшү керек", - деди президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскар Бешимов.

АКШнын аскердик күчтөрү быйыл 31-августта Ооганстандан чыгып кеткен. 15-августта "Талибан" радикал кыймылы Кабулда бийликти басып алган. Азырынча дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Эл аралык коомчулук Ооганстанда гуманитардык кризис тереңдеп баратканын эскертүүдө.

БУУнун Азык-түлүк программасы менен Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму 25-октябрда Ооганстан эң оор гуманитардык кризистин кырында турганын жарыялаган.

Ооганстан менен Борбор Азиянын үч өлкөсү - Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан чектешет. Түркмөнстан менен Өзбекстандан айырмаланып Тажикстан Кабулдан улуттук азчылык өкүлдөрү кирген инклюзивдүү өкмөт түзүүнү талап кылып келет. Бирок "Талибан" тажик бийлигин алардын "ички ишине кийлигишип жатат" деп айыптаган.

Масадыков: Кыргызстан "Талибан" кыймылын азырынча тааныбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:33 0:00
  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG