Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Бишкекте "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму башталды


Европа Биримдигинин жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин желектери.
Европа Биримдигинин жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин желектери.

Бишкекте 5-ноябрда "Европа Биримдиги-Борбор Азия" экономикалык форуму башталды. Алгач ирет өтүп жаткан бул иш чара Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.

Форумга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстан, Өзбекстандын өкмөт башчылары, Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-премьер-министрлери, Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Андан сырткары Венгрия жана Австриянын тышкы иштер министрлери келген.

Иш-чаранын алкагында жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү маселелери талкууланмакчы.

Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын кесепетинен келип чыккан социалдык-экономикалык каатчылыктан соң жашыл жана туруктуу калыбына келтирүүнү колдоого алууда координацияланган экономикалык жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгуу маселелери талкууланат.

Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан иш-чаранын ачылышында Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйендин онлайн байланыш аркылуу сөз сүйлөрү күтүлүүдө. Эл аралык иш-чаранын алкагында ишкерлердин бизнес-форуму да уюштурулган. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG