Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

HRW: Тажик бийлиги Ооганстандагы кризисти шылтоо катары колдонуп жатат


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Европа кеңешинин төрагасы Шарл Мишел, Брюссел, 11-октябрь, 2021-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Европа кеңешинин төрагасы Шарл Мишел, Брюссел, 11-октябрь, 2021-жыл.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму БУУну жана эл аралык коомчулукту Тажикстандагы адам укуктарынын абалына көңүл бурууга чакырды.

Мындай кайрылуу тажик бийлигинин өкүлдөрү 4-ноябрда Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө баяндама сунуштардан мурда жасалды.

Human Rights Watch уюмунун 1-ноябрдагы билдирүүсүндө Тажикстан Ооганстанды август айында басып алган талибдерге карата позициясы менен дүйнө жаңылыктарынын чордонунда болгону белгиленди.

Дүйшөмбү талибдердин бийлигин тааныбай турганын айткан. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөп жатып, Ооганстанда жалпы калктын 46% жакынын түзгөн ооган тажиктерин камтыган инклюзивдүү өкмөт түзүү зарылдыгын билдирдген.

Укук коргоочулар Тажикстандын мындай позициясы өлкөнүн өзүндөгү адам укуктарынын бузулушуна көз жуумп коюуга негиз боло албайт деп эсептешет.

"2015-жылы жападан жалгыз оппозициялык уюм болгон Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан кийин тажик өкмөтү жүздөгөн саясий активисттерди, журналисттерди жана юристтерди түрмөгө камады. Бийлик өз оппоненттерин жана диссиденттерди, алардын өлкө ичиндеги үй-бүлөлөрүн дайыма куугунтуктап, көз карандысыз маалымат каражаттарына басым жасайт. Убактылуу кармоочу жайлардан кыйноо жана ырайымсыз мамиле тууралуу билдирүүлөр үзгүлтүксүз келип турат”, - деп белгилейт HRW.

Билдирүүдө жакында Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Европа кеңешинин төрагасы Шарл Мишел тажик президенти Эмомали Рахмонду кабыл алганы айтылат. "Саясатчылар аймактык коопсуздукту жана Ооганстандагы кырдаалды, Тажикстандын Ооганстандагы ролун талкуулашкан, бирок Рахмондун өкмөтүндөгү оппозицияга карата ырайымсыз мамиле жана адам укуктарынын одоно бузулушу тууралуу сөз козголбоду", - дешет укук коргоочулар.

HRW Тажикстандын адам укуктары боюнча улуттук баяндамасын Женевада угуу - бул өлкөдөгү “адам укуктары кризисин” талкуулоого жаңы мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгилейт. "Бул БУУнун мүчө-мамлекеттери үчүн тажик бийликтерине Ооганстандагы кризисти өз өлкөсүндө адам укуктарынын одоно бузулушун көрмөксөнгө салуу үчүн шылтоо катары колдоно албастыгын түшүндүрүү үчүн мүмкүнчүлүк", - деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча акыркы жолу 2016-жылы отчет берген. HRW белгилегендей, андан бери Тажикстанда адам укуктарынын абалы начарлап баратат.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстандагы адам укуктарынын абалын сынга алып келет. Бийлик же укук бузуу фактыларын четке кагууда же эл аралык уюмдардын сунуштарына көңүл бурбайт.

HRW уюмунун баяндамасына карата Дүйшөмбү комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG