Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Жапаров: Европа Биримдиги Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш


Садыр Жапаров жана Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис.
Садыр Жапаров жана Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 4-ноябрда “Борбор Азия - Европа биримдиги” эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Анда мамлекет башчы Европа Биримдиги Кыргызстан үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш экенин, өлкө эгемендик алгандан бери демократия жана рынок реформаларын ырааттуу колдоп келгенин белгиледи.

Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда соода, инвестиция, жашыл экономика, санариптештирүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогорку мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Бишкек шаарында 5-ноябрда «Европа Биримдиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форуму өтөт. Форум COVID-19 пандемиясынын кесепетинен келип чыккан социалдык-экономикалык каатчылыктан чыгуунун чараларын иштеп чыгуу жана талкуулоого багытталган. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөт өкүлдөрү катышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG