Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

УКМК: тажик жарандары Кыргызстанга үчүнчү өлкө аркылуу кире албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстандын жарандарынын Кыргызстанга кирүү эрежеси жөнүндө маалымат таратты.

Ага ылайык, этникалык кыргыздар, тажик жарандыгы бар кыргыз жарандарынын балдары, Кыргызстандын окуу жайларында окуган тажикстандык студенттер жана мугалимдер өлкө аймагына кире алат.

Чек ара кызматы Министрлер кабинетинин буйругу менен кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду-автожол”, “Кайрагач-автожол”, “Кызыл-Бел-автожол”, “Бордөбө-автожол” жана “Карамык-автожол” бекеттеринде товар жана адамдардын өтүүсүнө чектөө коюлганын эске салып, кайсы учурда гана уруксат берилерин санап өттү. Алар:

- Мекенине кайтып келе жаткан кыргыз же тажик жарандары;

- Кыргызстан жана Тажикстандагы расмий дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргызстанда жайгашкан эл аралык уюмдардын кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Алардын кирип-чыгышы Тышкы иштер министрлигине алдын ала кабарланышы керек;

- Чет мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын делегациясы. Алардын кирип-чыгышы Тышкы иштер министрлигине алдын ала кабарланышы керек;

- Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык келген этникалык кыргыздардын иммиграциясы;

- “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо” долбооруна тартылган тажик жарандары. Аларга Кыргызстандын Энергетика министрлигине өтүнүч бериши керек;

- Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуган же иштеген тажик жарандары. Алар кирүү үчүн алдын ала Кыргызстандын Билим жана илим министрлигине өтүнүч жөнөтүшү керек;

- Тажик жарандыгы бар кыргыз жарандарынын жашы жете элек балдары;

УКМК коңшу өлкөдөн Кыргызстанга уруксат берилген жогорудагы чек ара бекеттери аркылуу гана кирүү керектигин эскертти.

Быйыл кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында чек ара толук такталмайынча ачылбай турганын билдирген.

Баткенде 28-30-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG