Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Тогуз айда тигүү тармагы 11 пайызга түштү


Бишкектеги цехтердин бири.
Бишкектеги цехтердин бири.

2021-жылдын тогуз айында Кыргызстанда жеңил өнөр жайындагы өнүм үч пайызга төмөндөдү. Ал эми тигүү тармагы 11% кемиди.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулова "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, пандемиядан кийин өлкөдөгү жеңил өнөр жайы, анын ичинде текстил тармагы кыйынчылыктарга дуушар болуп, өнүм, экспорттун көлөмү да азайган.

"Пандемия шартында эки жылдан бери өнүм төмөндөп, 2020-жылы жеңил өнөр жайы 21% түшүп кетти. Тигүү тармагы 24% түшкөн. 2021-жылы тогуз айдын жыйынтыгы боюнча өнүм 3%, ал эми тигүү тармагы 11% түштү. Экинчиден, экспортко чыккан товарларды Казакстанда текшерүү көбөйүп, тоскоолдуктар жаралууда. Бир аптада жете турган жүк бир-эки айга созулуп жатат".

Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда тигилген товарларды экспорттоонун көлөмү 50,4 млн. долларды түздү. 2020-жылы бул көрсөткүч 58,1 млн. болсо, 2019-жылы 101,3 млн. долларлык товар чет жакка сатылган. Быйыл жалпы 4 495,3 млн. сомдук жеңил өнөр жай товарлары өндүрүлгөн. Кийим-кечектердин импорту былтыркыдан 4,3 эсе көбөйүп, 238 млн. доллардан ашкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда тигүүчүлүк менен алектенген ишкерлердин дээрлик көпчүлүгү өз алдынча патент менен иштейт.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, ишкерлердин саны учурда 8 миңге жетет. Кезинде бул сан 2 миңдей гана болчу жана береги көрсөткүч соңку 5-10 жылда тигүүчүлүк тармагында иш алып баргандардын саны төрт эсе көбөйдү дегенди түшүндүрөт. Болжол менен бул тармакта 160 миңдей адам эмгектенет. Садамкулова кийим тигүү тармагына жумушчу кол жетишпей жатканын, болжол менен 20-40 миңдей тигүүчүгө муктаж экенин билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG