Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Элге акысыз укуктук жардам берүү үчүн Юстиция министрлиги менен USAID кызматташат


Меморандумга кол коюу учуру. 3-ноябрь, Бишкек.
Меморандумга кол коюу учуру. 3-ноябрь, Бишкек.

Кыргызстандын калкына акысыз укуктук жардам берүү үчүн Юстиция министрлиги менен USAID уюму кызматташат.

Жарандардын сот адилеттигинен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү максатында меморандумга 3-ноябрда Бишкекте кол коюлуп, "Жигердүү жарандар" долбоорунун алкагында ишке аша турганы айтылды.

Макулдашууга ылайык, төмөнкү багыттарда кызматташуу болот:

  • Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук маданиятты жогорулатуу үчүн укуктук базаны чыңдоо;
  • Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборлорунун юристтери үчүн үзгүлтүксүз укуктук билим алуу, гендердик зомбулук, балдардын укуктары, жер/мүлк укуктары жана жарандык укук маселелери боюнча адистештирүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү аркылуу алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу;
  • Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү борборлору менен юридикалык жардам көрсөткөн бейөкмөттүк уюмдардын ортосундагы кызматташууну күчөтүү;
  • Калктын укуктук кабардарлыгын жогорулатуу үчүн кампанияларды өткөрүү.

Меморандумга кол коюуга юстиция министри Аяз Баетов, "Жигердүү жарандар" долбоорунун башчысы Крегг Халстед баштаган адистер катышты.

"Жигердүү жарандар" долбоору USAID тарабынан каржыланып, FHI 360 жана "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмеси аркылуу жүзөгө ашырылууда. Долбоор Кыргызстандын жарандык коом уюмдарынын, алардын тармактарынын Кыргызстандагы жарандык катышууну бекемдөө жаатындагы күч-аракеттерин колдойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG