Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 78 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2681ге жетти. Акыркы бир суткада 78 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды. Оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек - 23
  • Чүй облусу – 22
  • Ош облусу – 1
  • Талас облусу - 5
  • Ысык-Көл облусу – 12
  • Жалал-Абад облусу –10
  • Баткен облусу -5

Былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 181 668 адамга жетти.

Ушул тапта ооруканада 642 адам, 798 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 780 миңге жакын адам вакцина алды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG