Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Ошто талапкердин жолугушуусуна келген студенттердин окуясы териштирилет


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында 3-ноябрда "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттер мажбур катыштырылганы боюнча маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы териштирүүдө. Шаардык милиция ондон ашык студент суралып, түшүнүк кат жазып бергенин билдирди.

"Азырынча мыйзам бузуу болгонун же болбогонун айтуу эрте. Эгер студенттер өз эрки менен келсе, алардын укугу тебеленбейт. Социалдык тармактарда жазылып жаткандай, аларды кайсы бир мугалим коркутуп, үгүт иш-чарасына катыштырган болсо мыйзам чегинде чара көрүлөт", — деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Шаардык милиция окуу жайлардын аттарын ачыктаган жок. Ал арада Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы үгүт өнөктүгүнө катышкан студенттер алардын окуу жайда окубай турганын кабарлады.

Буга чейин социалдык тармакта Ош шаарынын борбордук аянтында "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттер тартылганы боюнча видео тараган.

Саясий партия бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Ош ШИИБи шайлоого байланыштуу буга чейин төрт кайрылуу келгенин маалымдаган. Алардын экөө кыскарып, бирөө Аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсө, дагы бирөө тергелип жатат.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG