Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Мирзиёев Өзбекстандын Конституциясын өзгөртүүнү сунуштады


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Конституциясын өзгөртүүнү сунуштады.

Экинчи мөөнөткө мамлекет башчылыкка шайланган Мирзиёев 6-ноябрда Сенаттын имаратында президент катары ант бергенден кийин сүйлөгөн сөзүндө Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилге кылды. Daryo.uz сайты маалымдагандай, ал көпчүлүк мамлекеттер өнүгүү жолунда констуциялык реформаларга барганын белгилеген.

Бирок Конституциянын кайсы беренелерине өзгөртүү киргизүү керектиги жөнүндө ачык айткан эмес.

Өзбекстандын азыркы Баш мыйзамына ылайык, бир адам беш жылдан эки жолу гана президент болуп шайлана алат.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын 30 жылдык эгемен тарыхындагы экинчи президент. Мурдагы мамлекет башчы Ислам Каримов төрт жолу президент болуп шайланган, бир жолу жалпы элдик референдум аркылуу президенттик ыйгарым укугунун мөөнөтүн узарткан. Ал оорудан улам 2016-жылы дүйнөдөн кайткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG