Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөр 29-ноябрда кайра башталат


Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөр өткөн Венадагы мейманкана. 20-июнь, 2021-жыл.
Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөр өткөн Венадагы мейманкана. 20-июнь, 2021-жыл.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди сактап калууну көздөгөн сүйлөшүүлөр дээрлик беш айлык тыныгуудан кийин 29-ноябрда улана турган болду. Евробиримдик 3-ноябрда жарыялагандай, Австриянын Вена шаарында өтүүчү сүйлөшүүлөргө шаркеттин ортомчусу Энрике Мора төрагалык кылат жана жыйынга Улуу Британиянын, Кытайдын, Франциянын, Германиянын, Орусиянын жана Ирандын өкүлдөрү катышат.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багери жыйындын датасы Мора менен телефон сүйлөшүүсүнөн кийин такталганын "Твиттерге" жазды. Мамлекеттик департамент Венадагы сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттардын Иран боюнча атайын чабарманы Роберт Малли катышарын маалымдады.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

2018-жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы бул келишимден чыгып кетип, санкцияларды кайра жанданткан. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартып, уран байытуу аракетин күчөткөн.

Трамптан кийин быйыл январда ишке киришкен президент Жо Байден эл аралык келишимге кайра кошулууну убада кылып, бирок Иран документтин шарттарын толук аткарышы керек экенин билдирген.

Венада апрель айында башталган сүйлөшүүлөр Иранда Батышка каршы турган, ашынган консерватор саясатчы Ибрахим Раиси президент болуп шайлангандан кийин токтоп калган. Учурда Тегеран Иранга салынган америкалык санкциялардын көбүн токтотууну талап кылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG